• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты, мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, аларды түйшөлткөн суроолорго жооп берди.

«Мамлекет Баткен облусунун тургундарына мындан ары дагы жакындан көңүл бурат, мен күч-аракетимди чек ара коопсуздугун камсыз кылып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жумшайм. Биз жергиликтүү элдин турмуш-шартын жогорулатууну көздөп жатабыз, мындан тышкары, мамлекет чек ара маселелерин чечүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат. Бул багытта чаралар көрүлдү, мамлекеттер аралык өкмөттүк комиссиялар иштеп жатат», — деп баса белгиледи президент.

Тургундар өз кезегинде Ак-Сай айылы Баткен облусунун жүрөгү болуп эсептелерин белгилешти. Алардын айтымында, чечилбеген социалдык көйгөйлөр арбын, бирок азыркы учурда эң башкысы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо болуп турат.

Жергиликтүү тургундар биринчи кезектеги маселелер катары социалдык объектилерди куруу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, пенсия менен жөлөк пулдарды төлөө, жумуш орундарын түзүү, жерлерди трансформациялоону жана башкаларды белгилешти.

Алардын айтымында, ушул кезге чейин Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө эч ким кам көргөн эмес. Бул жергиликтүү эл үчүн абдан маанилүү. Анткени алар жакшы жашоо издеп эч жакка кеткиси келбейт, өз Мекенинде иштеп, жашагысы келет, ошондой эле жаштар дагы өз жерлеринде эле калышса дешет. Андыктан, жергиликтүү тургундарга салыктык жана башка жеңилдиктер керек.

Мамлекет башчысы жаштардын чет өлкөлөргө иш издеп кетүүсүн алдын алуу үчүн аймактарда шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларга кеңири токтолду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өлкө жетекчилиги Баткен облусуна өзгөчө статус берүүгө ниеттенип жатат.

Президент Садыр Жапаров мындан ары дагы Баткен облусуна социалдык объектилерди куруу жана зарыл болгон инфраструктура жагынан өзгөчө көңүл бурулат деп ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий