• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров: Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. «Бийликке келгенден кийин бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык», - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» эл аралык маалымат агенттигине курган маегинде.

«Бийликке келгенден кийин биз бардык инвесторлорду коргоого ала баштадык. Албетте, толук кандуу коргоого ала элекпиз. Билесиздер, биздин эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошого байланыштуу жаңы Конституцияны кабыл алабыз. Андан кийин жаңы мыйзамдар жазылат, жаңы парламент шайланат», -деп билдирди Жапаров.

Президент билдиргендей, бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги бар. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин бул агенттиктин деңгээли жогору көтөрүлөт. Аталган агенттик Президенттин алдындагы Улуттук агенттик болот.

«Бардык инвесторлор ушул агенттик менен түзмө-түз иштейт. Укук коргоо органдарынан же коррупционерлерден инвесторлорго басым жасала турган болсо, анда бул агенттик мына ошолордон инвесторлордун кызыкчылыгын коргойт. Менин жеке көзөмөлүмдө болот. Инвесторлор мамлекет менен келишим түзөт. Алар мамлекет менен иштейт. 20-30 жылдык узак мөөнөттүү долбоорлор болсо дагы бийлик алмашып кетеби, кандай болсо дагы инвесторлор салган долбоор иштей бериши керек. Инвесторлор менен узак мөөнөттүү келишим түзгөндөн кийин, алардын кызыкчылыктары ошол мөөнөткө чейин мамлекет тарабынан корголушу керек. Мына ошондо инвесторлор коркпой келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында: Таласта, Ала-Бука, Чаткалда казак инвесторлору келип иштеп жатышат. Буга чейин инвесторлорду кыйнап, мүлкүн алып же иш козгоп койгон учурлар болгону жашыруун эмес. Инвесторлорго мындан ары ошондой мамиле болбошу үчүн ушундай улуттук агенттик түзөлү деп ниеттенип атабыз. Казакстандан эле эмес, бардык дүйнө жүзүнөн келген инвесторлорду Президент жеке өзү улуттук агенттик аркылуу коргоп алат, - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий