• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров: Биз Кыргызстандын рыногуна Россиянын инвестицияларынын келишине дайыма кубанычтабыз

Президент 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. “Биз Кыргызстандын рыногуна Россиянын инвестицияларынын келишине дайыма кубанычтабыз”, - деп билдирди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Талас облусундагы Жерүй кениндеги Талас алтын комбинатын ишке киргизүү аземинде. Телекөпүрө форматында өткөн иш-чарага ошондой эле Россиянын Президенти Владимир Путин дагы катышты.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Россияны өзгөчө союздаштык жана достук мамилелер байланыштырып турат.

Жапаров өткөн айдын аягында Кыргыз Республикасынын Президенти катары Россия Федерациясына биринчи чет өлкөлүк сапарын жасагандыгын белгилеп өттү.

“Урматтуу Владимир Владимирович, Сиз менен жолугушуубуз жемиштүү болгонун канааттануу менен белгилеп кетким келет. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыгыбызды бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, ошондой эле аларды жаңы, мындан да сапаттуу деңгээлге чыгарууга макулдаштык. Бүгүн биз чогуу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышына катышып жатабыз. Бул долбоор биздин өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү болоруна күмөн жок”, - деп белгиледи Кыргызстандын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий