• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров: Биз мамлекетибизди оор мезгилден татыктуу алып чыгып кетишибиз керек

Президент 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. «Биздин мамлекет жаш мамлекеттин калыптануу учуруна мүнөздүү болгон оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Биз эми ушул мезгилден мамлекетибизди татыктуу алып чыгып, бирдиктүү эл катары учурду башыбыздан өткөрүшүбүз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 26-февралдагы «Российская газетага» берген маегинде.

Мамлекет башчысы акыркы 30 жылда Кыргызстанда элдик толкундоолор менен бийлик үч жолу алмашканын, бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөрүн, башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе экенин айтты.

«Бизде көп учурда кайсы бир топтун же бир адамдын саясий же болбосо каржылык кызыкчылыктары элдин жалпы кызыкчылыгынан жогору турарын жашыра албайм. Коомдун өнүгүшү менен жарандарыбыз акырындап элдин биримдиги менен бөлүнбөстүгү, жалпы кызыкчылыктын жеке кызыкчылыктардан маанилүү экенин түшүнө башташты. Бул оңой жол эмес, бирок биз сөзсүз ушундай жалпы аң-сезимге жетебиз. Хадистердин биринде: „Билип койгула, маңдайыңа эмне жазылса ошону көрөсүң, эгерде маңдайыңа жазылбаса эч нерсе болбойт. Сабырсыз жеңиш жок экендигин, жоготуусуз табылга, кыйынчылыксыз жеңилдик болбостугун билип койгула“ деп айтылган. Келечекте эмне болорун мен алдын ала биле албайм. Мен бир гана нерсени — көздөгөн максатына жете билген, эрки бекем, сабырдуу элибиз кандай гана сыноо болбосун жеңип чыгарын жакшы билем», — деп баса белгиледи президент.

Ошол эле убакта Садыр Жапаров Кыргызстандагы саясий окуялардын өзгөчөлүктөрүнүн экинчи жагына көңүл бурду.

«Өлкөнүн мурунку лидерлери элге бийлик алмашуусунун юридикалык механизмине мүмкүнчүлүк бербегенин көрөбүз: шайлоону терең бурмалоо, саясий куугунтук, коррупция, кландар. Ошентип эл мындай абийирсиз бийликти күч менен кулатууга аргасыз болушкан. Албетте, мен муну бийликти алмаштыруунун жакшы жолу деп айтпас элем, бирок мындай кырдаалдарда элде бийликтин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирүүнүн башка жолу болбойт. Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан, биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт», — деп айтты мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент геосаясий жактан өтө ыңгайлуу жайгашкан өлкөбүзгө көзөмөл кылууга кызыкдар тышкы күчтөр дагы туруксуздукту жаратып, чагымчылдык кылууда маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп өттү.

«Бирок тышкы күчтөрдүн канчалык күчтүү таасири болбосун, тигил же бул бийлик биринчи кезекте өзүнүн каталарынан улам кыйрайт. Президент Сооронбай Жээнбеков чыныгы турмуштан, коомчулуктун коюп жаткан талаптарынан алыс болуп, өз дүйнөсү менен эле жашап калган, ошондон улам башынан эле элдин кыжырын келтирген, туура эмес чечимдерди кабыл алган.

Кыскасы, революциялардын себептери көп. Эгерде андай себептер болуп жатса, анда бул коомдо демократиялык өзгөрүүлөр болушу, коомдук-саясий системанын өзгөрүшү зарыл экендигинин жана социалдык-экономикалык жактан жетишкендиктерге муктаж экендигинин белгиси», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий