• 84.79
  • 101.97
  • 1.11

Жапаров: Биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин ал-абалын бийик көтөрө албайбыз

Президент 0

Бишкек, 27.02.21./Кабар/. «Биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин ал-абалын бийик көтөрө албайбыз. Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы элдин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакыбат коом курулбастыгын, андыктан биринчи кезекте «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол коюлганын айтты.

«Биз инсанды бала бакчадан тартып, руханий-адеп-ахлак жагынан өнүктүрүп, дене тарбиясын өстүрмөйүн, мыкты, билимдүү жана дени сак муун өстүрө албайбыз. Бүгүндөн тарта бул маселеге көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калат. Бул демилгени ушул жерде олтурган ар бириңер колдойсуздар деп ишенем жана жапа тырмак жардам берүүгө чакырам. Биз азыр ар бир калемгерге, чыгармачыл инсандарга шарт түзүп, камкордукка алып, мыкты чыгармаларды жазууга шарт түзүп бербесек, руханий ачкачылыкты толтура албайбыз», — дейт Президент.

Садыр Жапаров эл бүгүнкү күндөгү чыгаан акын-жазуучулардын, композиторлордун жаңы чыгармаларына муктаж болуп тургандыгын билдирди.

«Чыгармачыл инсандардын башын бириктирген чыгармачыл союздар менен тыгыз иш алып барып, кароо-сынактарды, фестивалдарды өткөрүп, элди руханий жактан толук тейлөө зарыл болуп турат. Адабиятыбызга ак кызматын арнаган урматтуу акын, жазуучулар, драматургдар жана обончу-композиторлор, сүрөтчү-скульпторлор элибиздин жан дүйнөсүн байыткан заманбап жаңы чыгармаларды жараткыла. Биздин коом азыркынын Түгөлбай Сыдыкбекову менен Чынгыз Айтматовуна, азыркынын Төлөмүш Окееви менен Болот Шамшиевине, бүгүнкү күндүн Болот Миңжылкыеви менен Кайыргүл Сартбаевасына, жаңы кезеңдин Гапар Айтиеви менен Тургунбай Садыковуна муктаж. Мыкты чыгармалар жаралса, мамлекет аны жарыкка чыгаруу жана жайылтуу ишин колго аларына ишендирип кетем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле Садыр Жапаров маданиятыбызда көмүскөдө жүрүп, көрүнүктүү иш кылгандар — музей жана китепкана ишмерлери экендигине да токтолду.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1064 китепкана иштейт. Китеп — акылдын, билимдин булагы. Китеп фондун байытып, элди китеп менен азыктандырбасак, китеп окубаган муундун кандай болорун көрүп жатабыз. Жергиликтүү бийликтерге кайрылып кетерим, китепкана, музей тармактарына, райондук, айылдык маданият үйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Маданият айылга чейин жетип, элет маданияты көтөрүлсө, элибиз көтөрүлөт. Маданият үйлөрү шайлоолор маалында гана жыйналыш, жолугушуу өткөрө турган зал эмес, маданият менен элди тарбиялаган ыйык имаратка кайрадан айландыралы. Маданиятыбызды келген меймандарга, чет элдик конокторго, өсүп келе жаткан жаңы муунга тааныштырууда музей тармагынын ролу өзгөчө. Заманбап жаңы технологиялар менен бул тармакты үзүрлүү иштетип, жаңыча музейлер менен толуктоо — келечектин иши. Кылымдарды карыткан тарыхый эстеликтерди сактап, урпактарга баалуу мурас катары өткөрүп бербесек, тарых кечирбес. Өлкөбүздө эки миңден ашуун тарыхый эстеликтерибиз бар. ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу, материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоо жана жайылтуу багытында жасала турган кадамдарыбыз арбын», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы улуу «Манас» эпосун даңазалоодо атайын программа иштеп чыгып, каржы булактарын аныктап, манасчылык өнөрдү аздектөө милдети тургандыгын кошумчалады.

«Манасчыларыбызды мамлекет камкордукка алып, алардын башын бириктирип, өнөрүн тааныта турган „Манас“ театрын ачуу багытында кадамдар жасалууда. 2019-жылы Кытай улуттук опера театры „Манас“ операсын коюп келгенде төбөбүз көккө жетип сүйүндүк. Бул биз үчүн албетте сыймык. Бирок бир кезде Власов, Малдыбаев, Фере жазып кеткен „Манас“ операсынын улуттук опера жана балет театрында коюлбай, токтоп калганы өкүндүрөт.

Улуттук сыймыгыбыз улуу „Манас“ темасы ар бир театрдын репертуарында болууга тийиш. 90-жылдары театр, оюн-зоок мекемелерине эл келбей, бош калган учурлары да болгон. Ал эми азыр руханий муктаждыктан улам элдин театрга кызыгуусу артып турган учур. Театрларыбыздын элдин купулуна толо турган заманбап спектаклдерди жана оюн-зоокторду коюп, концерттер менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартышы мезгилдин бирден-бир талабы болуп турат. Театр оюн-зоок мекемелериндеги эффективдүү иштөөнүн жолдорун таап, чыгармачылык дараметти жогорулатуу сиздердин милдетиңиздер», — деп белгиледи Президент.

Мындан сырткары, ал азыркы тапта режиссура маселеси, дирижерлук кылуу, опера, балет, цирк тармагынын адистери жагынан профессионалдык искусствобуз кадрдык жактан аксап жатканын билдирди.

«Эгемендүүлүк мезгилде токтоп калган кино искусствосу кайрадан жанданып, жигердүү аракеттери менен намыс алып келген Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Садык Шернияз, Эрнис Абжапаров, Темир Бирназаров, Бакыт Мукул, Дастан Жапаров, Айбек Дайырбеков сындуу көрүнүктүү кино режиссерлорубуз жараткан тасмалар эл аралык кинофестивалдарда абройлуу сыйлыктарды багындырды. Мындан ары, ата мекендик кино өндүрүштү күчүнө киргизип, кыргыз кереметин кайрадан жандандырабыз деп ишенем.

Учурда маданият тармагынын имараттары эски, эмгек акылары өтө төмөн экендиги боюнча да толук маалыматым бар. Буюрса, менин эң негизги иштөө багыттарымдын бири маданият тармагы болгондуктан, мамлекетибиздин каржысын толтуруп, экономикалык кризистен чыгуу менен, руханий кризистен чыгуунун жолдорун бирге алып барабыз.

Азыркы абалыбыздын оор экендигине карабай, театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп түзөө иштери улантылат. Республикабыздын борбор калаасында жана жети облустун шаарларында жаңы үлгүдөгү маданият мекемелерин куруу багытын эске алуубуз шарт. Анткени отуз жыл ичинде көзгө көрүнөөрлүк маданий объектердин курулганы жокко эсе. Кээ бир театрларыбыз имараты жок ар кайсы мекемеде иш алып барып келишкени өкүнүчтүү. Ал тургай узак тарыхы бар Улуттук жазуучулар союзу, театр ишмерлер союзу имараттарынан айрылып, азыркы күндө имараты жок, ижара акы төлөп иштеп келүүдө.

Биз бул маселелерди тез арада чечип көмөк көрсөтүшүбүз керек. Маданият кызматкерлерин материалдык жактан муктаж кылып коюп, маданиятты оңдой албайбыз. Андыктан эмгек акы маселеси, турак жай маселеси чечилбесе абал өтө эле оор бойдон кала берет. Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берем. Этап этабы менен маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, маданият ишмерлери үчүн курулуп жаткан үйдү эмдиги жылдан тартып ишке ашырып, турак жай маселесин чечип баштайбыз», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий