• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташуусун жакшыртууга бир катар сунуштарды айтты

Президент 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташуусун жакшыртууга бир катар сунуштарды айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдиги жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин пандемияга каршы күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыгынын чыңдалышы жана кеңейтилиши илдетке каршы күрөшүү боюнча иштердин маанилүү аспектиси болуп калганын белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча өзгөчө көңүл бурууну талап кылган бир катар сунуштарды, анын ичинде эмдөө маселелерин айтты.

Кыргыз тарап коңшулаш өлкөлөрдүн салттуу медицина борборлорун түзүү, ошондой эле мындан ары саламаттыкты сактоо системасынын илимий-практикалык кызматташтыгын өнүктүрүү, анын ичинде медицинаны санариптештирүү, телемедицина, лабораторияларды куруу, кардларды даярдоо, маалымат алмашуу, биргелешип жогорку натыйжалуу жана коомдук саламаттыкты сактоонун күчтүү системасын түзүү демилгесин колдойт. Ошондой эле COVID-19 боюнча тест жыйынтыктарын, сертификаттарын же эмдөө паспортторун өз ара таануу маселелерин чечүү зарыл.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы Кыргызстан товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыздоону, бизнеске социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүүнү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоону маанилүү деп эсептээрин белгиледи.

Бул жаатта Президент Садыр Жапаров эл аралык жүк ташууларды жүргүзгөн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана медициналык талаптарды бирдей кылуунун зарылдыгына дагы бир ирет токтолду.

Сөзүн жыйынтыктап жатып Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап 2022-жылы кийинки консультативдик жолугушууну Кыргыз Республикасында өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий