• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров БУУнун АТОЭСКсынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт

Президент 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (АТОЭСК) 77-сессиясынын ачылышына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет.

Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери катышат.

Уюмдун 77-сессиясы 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин өтөт. Анда “Азия-Тынч океан регионундагы кызматташуунун негизинде “мурдагыга караганда жакшы” принциби менен кризистик кырдаалдан чыгуу” темасы талкууланат.

Иш-чара Бишкек убактысы боюнча саат 12: 00дө башталат. Түз эфирдин шилтемеси - https://www.youtube.com/watch?v=UMDhVO6iBpQ

Пикир

Оставить комментарий