• 84.79
  • 98.7
  • 1.2

Жапаров БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын катышуучуларынын 15-кеңешмесинде сөз сүйлөдү

Президент 0


Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, БУУнун эгидасынын алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын тараптарынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) видеокайрылуу аркылуу сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын сөзүн толук келтиребиз:

“Урматтуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы

Си Цзиньпин!

Урматтуу БУУнун Башкы катчысы

Антонио Гутерриш!

Урматтуу делегация башчылары!

БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын тараптарынын он бешинчи сессиясынын бардык катышуучуларына салам жолдойм.

Урматтуу КЭР төрагасы Си Цзиньпинге эл аралык маанидеги мындай иш-чарага чакыруусу үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасы БУУнун биологиялык түрдүүлүк жөнүндө Ковенциясынын максаттарын жактайт жана планетабыздагы биоартүрдүүлүктү сактоонун маанилүү маселелерин чечүү максатында Куньминде өткөрүлгөн кезектеги сессияны колдойт.

Биздин жолугушуу эл аралык окуя – БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын алдында өтүп жатканы өтө маанилүү. Анткени, дал ушул кубулуш Жердин флора жана фаунасынын кыйроосунун негизги күнөөкөрлөрүнүн бири болуп калды. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өзүбүздүн көз карышыбызды биз сөзсүз Глазгодо билдиребиз.

Отуз жыл бою туруктуу өнүгүүнүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринин көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргызстан эл аралык аренада тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү жылдыруучусу болуп келүүдө.

Буга байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жетимиш алтынчы сессиясынын жалпы дебаттарында мен 2022-жылды – Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо, тоолуу региондордун туруктуу өнүгүүсү боюнча беш жылдык программаны бекитүү жана 2027-жылы «Бишкек + Жыйырма беш» Глобалдык саммитин өткөрүүнү демилгеледим.

Урматтуу делегация башчылары,

Климаттын өзгөрүшүнүн улуу Тянь-Шань менен Памирдин экосистемасына тийгизген терс таасирин биз күн өткөн сайын көбүрөөк сезип жатабыз.

Бул себептен улам, кызыкдар мамлекеттер менен бирге иштешип, тоонун биотүрдүүлүгүн коргоо үчүн адаптациялоо чараларын көрүп жатабыз. Ак илбирс асыл жаныбарларынын тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө ийгиликтүү эл аралык демилге болуп саналат.

Эске салсам, өлкөбүз 2013 жана 2017-жылдары ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча дүйнөлүк форумдарды өткөргөн. Жакында БУУнун Башкы ассамблеясы биздин демилгени колдоп, "Табият чек араны билбейт..." аталышындагы резолюцияны кабыл алды. Анда ошондой эле БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясын натыйжалуу аткаруу үчүн көп тараптуу кызматташуунун мааниси белгиленген.

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сүт эмүүчүлөрдүн он беш түрү, канаттуулардын жыйырма алты түрү, курт-кумурскалардын жүз элүүгө жакын түрү жана башка омурткасыздардын отуздан ашык түрү жок болуу коркунучунда турат.

Өлкөнүн кызыл китебине кирген көптөгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр үчүн Биздин өлкөдө өзгөчө жаратылыш аймактарын коргоого жана тоо токойлорунун көбөйүшүнө артыкчылыктуу көңүл бөлүнөт.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык, БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конвенциясынын алкагында биз корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Биз ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун алдында тоо токойлору боюнча атайын максаттуу программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну колдойбуз.

Буга байланыштуу мен БУУга мүчө-мамлекеттерге жана БУУнун Башкы катчысына Кыргызстандын жогоруда айтылган эл аралык демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылам.

Урматтуу катышуучулар,

Мен көңүлүңүздөрдү адамдардын ишмердүүлүгүнүн жаратылышка, ресурстарга жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген зыяндуу таасирине бургум келет.

Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек.

Биз биргеликте мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек.

Сөзүмдүн аягында, Кыргызстан ачык жана активдүү эл аралык кызматташууга даяр экенин белгилегим келет, анткени биргелешкен аракеттер менен гана биз жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактап калабыз жана курчап турган чөйрөдөгү гармонияда каалаган туруктуу өнүгүүгө жетише алабыз.

Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем”.

Пикир

Оставить комментарий