• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров чек арадагы окуяларда жабыркаган жарандарды убактылуу кабыл алуу пунктуна барды

Президент 0

Бишкек, 27.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган жарандарды убактылуу кабыл алуу пунктуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы жабыркаган кыргызстандыктардын жашоо шартын көрүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Садыр Жапаров учурда айыл аймактарында үйлөрдү куруу иштери жүрүп жатканын, жакында алар жаңы, заманбап үйлөргө көчүрүлөрүн белгиледи.

Баарлашуу учурунда убактылуу кабыл алуу пунктунда турган чек ара аймагынын жашоочулары айылдарга зарыл болгон инфраструктураны — бала бакча, спорт аянтчасы, маданий борбор, төрөт үйү, мектеп жана башка социалдык объектилерди куруп берүүнү өтүнүштү.

Андан соң президент Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуп, мамлекет тарабынан бардык муктаж болгондорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүнө ишендирип кетти.

Ошондой эле Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча пландалып жаткан иш-чараларга токтолуп, жакын арада облуска өзгөчө статус берилерин айтты.

«Кыргызстандын чеги Баткенден башталат. Салыктык жеңилдиктерди берүү менен облуска инвесторлорду тартабыз. Жаштарыбыздын чет өлкөлөргө чыгып кетпей, өз өлкөсүндө калып иштөөсү үчүн бардык зарыл нерселер жасалат. Биздин милдет — кыргызстандыктарды өз жеринде коопсуз жашоо менен камсыз кылуу жана тынч иштөөсү үчүн шарттарды түзүү», — деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчысы пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү ролун белгиледи, анткени алардын ыйгарым укуктары, тактап айтканда, район акимдеринин ыйгарым укуктары күчөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий