• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент: “Дедовщинанын” айынан бирөөнүн мурду канай турган болсо, командири камалат

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын армиядагы “дедовщинанын” айынан балдардын өлүп жатканы тууралуу сөзүнө жооп берди.

“Аскер каза болду десе бир гана Коргоо министрлигин күнөөлөй бербеш керек. Анткени, аскерлерибиз ИИМ, ӨКМ, Жаза аткаруу кызматы, УКМКнын Чек ара кызматында дагы кызмат өтөшөт. Кайсы тараптагы кызматтан каза болгонун билиш керек. Кыргызстанда “дедовщина” 100 пайыз жок деп айта албайм, бар. “Дедовщинанын” айынан кимдир бирөөнүн мурду канай турган болсо, командири камалат”, - деди ал.

Жапаров эки жылда аскер тармагына 53 млрд сом бөлүнгөнүн белгилеп өттү.

“Буга чейин бир дагы сом бөлүнбөй, жалаң грант менен жашаган. Керек болсо, аскерлерибиз Түркия, Америка, Кытай, Россиядан келген кийимдерди кийип жүргөн экен. Азыр баарын өзүбүздүн каражатыбызга алып жатабыз”, - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн – 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий