Жапаров депутаттардан кезексиз кароого киргизилген мыйзам долбоорлорун карап берүүнү суранды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров депутаттардан кезексиз кароого киргизилген мыйзам долбоорлорун карап берүүнү суранды.

Эскерте кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берди.

Жапаров өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин депутаттарынан бир өтүнүчүн аткарып коюуну суранды.

"Сиздерден бир өтүнүчүм бар. Кезексиз кароого экономикалык жактан мыйзамдар киргизилди. Аны карап, бүгүн бүтүрүп беришиңиздерди суранам. Сиздер чоң жардам берген болосуздар", - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий