• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Германиянын элчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу мамилелердин приоритеттүү багыттары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өркүндөтүү чаралары жөнүндө пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчы дагы бир жолу кыргыз элинин жана өзүнүн атынан Германиядагы суу ташкындарынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

Садыр Жапаров Моника Иверсендин биргелешкен кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-герман саясий диалогун өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы каржылык жана техникалык кызматташтыкка кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Президент Германиянын Кыргыз Республикасынын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин өзгөчө белгилөө менен кыргыз тараптын мындан ары эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди. Кыргызстан Европалык Бирлик менен кызматташууда ар дайым Германиянын колдоосуна ээ болуп келген.

“Кыргыз тарап Германия менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык потенциал абдан чоң. Өзгөчө санариптештирүү, айыл чарба, туризм, энергетика, тоо-кен чөйрөлөрү зор кызыгууну жаратат”, - деп кошумчалады Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Германиянын саясий фонддору менен коопсуздук, региондук кызматташуу жана ошондой эле билим берүү маселелери боюнча иштешүүнү улантарын белгиледи.

Өз кезегинде Моника Иверсен Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгү жылдарында ар дайым мамлекет тарабынан колдоону сезип келгендигин баса белгиледи. Ал Кыргызстанда иштөө кызыктуу болгондугун, бирок ошол эле учурда, коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында иштөө оңой болбогонун билдирди.

Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Германия менен өнөктөш болуп келе жаткандыгына токтолду. Кийинки жылы эки өлкө дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

Моника Иверсен бүгүнкү күндө ар кыл чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу потенциал бар, климатты жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.

Германия элчиси ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Моника Иверсенге чың ден соолук, бакубат жашоо жана келечектеги ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий