• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров достукту чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Казакстандын жарандарын сыйлады

Президент 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, «Отандастар фонду» (Казакстан) коммерциялык эмес акционердик коомунун президенти Нуртай Абыкаев менен Казакстан Республикасынын президентинин өлкө парламентиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы канааттануу менен белгилегендей, эки өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкек шаарында Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө.

Ал эки боордош элди жалпы тарых жана салттар бириктирип турарын, ал эми Бейбит Исабаев менен Нуртай Абыкаев өлкөлөр ортосундагы толук масштабдуу байланыштарды кеңейтүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошконун белгиледи.

Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы бекем достуктун калыптанышына баа жеткис салым кошкон өзгөчө ролуна токтолду.

Ошондой эле, ал өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн курсун улантып жаткан Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин ролун да белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан өз тарабынан Казакстан менен кызматташуунун бардык спектрин тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча мурда алган багытын уланта берерине ишендирди.

Президент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Нуртай Абыкаев «Достук» ордени, ал эми Бейбит Исабаев «Даңк» медалы менен сыйланды.

Мамлекет башчысы сыйлык ээлерин куттуктап, аларга бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Нуртай Абыкаев жана Бейбит Исабаев жогорку сыйлыктар үчүн ыраазычылык билдиришип, казак тарап эки боордош өлкөлөр ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий