• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров ЕӨРБ президенти менен видеоконференции форматында жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.07.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) Президенти Одиль Рено-Бассо менен видеоконференция форматында жолугушту.

Кыргызстан менен ЕӨРБнын ортосундагы кызматташуу деңгээлин жакшыртуу маселелери жана ошондой эле өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы биргеликте жүргүзүлгөн жемиштүү иштерге токтолуп, көрсөткөн колдоосу үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына ыраазычылык билдирди.

Президент ишкерлердин жана инвесторлордун көйгөйлүү маселелерин талкуулоо жана чечүү максатында, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүү үчүн Президенттин алдында атайын кеңеш түзүү пландалып жатканын маалымдады. Ошого байланыштуу ЕӨРБны бул кеңешти түзүүгө катышууга жана колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан кызматташуу үчүн ачык экенин жана Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу үчүн жеке өзү бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров учурдагы приоритеттүү максаттар жана милдеттерди белгилеп, мамлекет тарабынан Кыргызстандагы инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкын энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, айыл чарба, туризм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды.

Анын белгилешинче, энергетика тармагы масштабдуу технологиялык жаңыланууну талап кылат, бул үчүн олуттуу инвестициялар керек. Ошондуктан бул багытта, биринчи кезектеги милдет — кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана керектүү экономикалык стимулдарды түзүү аркылуу жаңы кубаттуулуктарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болуп саналат.

Президент жаңылануучу энергия булактары жаатында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгилеп, ошондой эле негизги көңүлдү чакан жана орто бизнести колдоого бурууга чакырды.

Садыр Жапаров белгилегендей, коронавирус инфекциясынын кесепетинен жүрүп жаткан кризиске байланыштуу, Кыргызстанда чакан жана орто бизнес ар тараптуу колдоого муктаж болууда, айрыкча жогорку деңгээлдеги жеңилдиктери болгон каржылоону тартууда колдоого муктаж. Ошондуктан ЕӨРБдан өлкөдөгү ишкердүүлүктү колдоо үчүн, салттуу насыя берүүдөн башка ишкерлер үчүн жаңы финансылык инструменттерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЕӨРБ менен биргеликте экономиканы турукташтыруу жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча антикризистик чараларды ишке ашыра алабыз деген ишенимин билдирди.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо ЕӨРБ Кыргызстанга, өзгөчө банк тармагын, жеке секторду жана туризмди дайыма активдүү инвестициялап келгенин белгилеп, бул багыттарда дагы көп пландары бар экенин кошумчалады.

Ал Кыргызстандын бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иш-аракеттерин кубаттап, ЕӨРБ энергетика тармагында жаңы жумуш орундарын камсыз кыла турган долбоорлорду ишке ашырууга, текстиль жана туризм чөйрөлөрүндө, калкты суу менен камсыз кылуу маселелеринде колдоо көрсөтүүнү пландап жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий