• 84.8
  • 95.95
  • 1.15

Жапаров: ЕАЭБ биздин интеграциябызды бекемдеп, аны тереңдетүүгө багыт алышы керек

Президент 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында видеоконференция режиминде сөз сүйлөдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

“Урматтуу Касым-Жоомарт Кемелевич,

Жогорку кеңештин урматтуу катышуучулары!

Сиздерге Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында салам жолдойм.

Бардыгыңыздарды сак-саламатта көргөнүмө кубанычтамын!

Белорус тарапка, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Григорьевич Лукашенкого, ошондой эле Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы, урматтуу Михаил Владимирович Мясниковичке жана анын командасына бүгүнкү жолугушууну жогорку техникалык жана маңыздуу уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Евразиялык экономикалык биримдик Кыргыз Республикасы үчүн мүчө-мамлекеттерди жакындатуучу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун өсүүчү потенциалы бар маанилүү интеграциялык бирикме болуп эсептелет.

Биримдик иштеген мезгил аралыгында маанилүү экономикалык оң өзгөрүүлөр болду жана ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар биргелешкен аракеттердин аркасында алынууда.

Биримдик калыптануу фазасынан өттү, бирок моюнга алчу нерсе, евразиялык экономикалык интеграциянын реалдуу ыргагы мындан да жогору боло алмак.

Буга байланыштуу интеграциянын келечектүү багыттарына эле эмес, ошол эле учурда Биримдиктин жетишилген ийгиликтерин бекемдөө жана арттыруунун үстүндө иштөөгө көңүл буруу маанилүү деп эсептейм.

Бул багытта бизде жетиштүү маселелер чогулду – бул товарлардын эркин өтүүсү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча көйгөйлөр.

Буга байланыштуу, биздин Стратегияда коюлган тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында тоскоолдук аныкталган учурда аны автоматтык түрдө жокко чыгарууну жана анын кайра кайталанып колдонулуусуна жол бербөөнүн иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Макулдашуулардын аткаруу сапаты жана ишке ашыруу мөөнөттөрүнө, Биримдиктин укуктарын аткарууга, ошондой эле пландаштырылган иш-чаралардын мөөнөттөрүнүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу керек.

Бул өзгөчө биздин 2025-жылга чейинки экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашырууга тиешелүү.

Бүгүн биздин алдыбызда пандемияга чейинки өсүү ыргагына кайтып келүү эле эмес, андан аркы интенсивдүү өнүгүүнү камсыздоо милдети турат.

Ырааттуу интеграциялык кадамдар бизден чоң күч-аракетти, чечкиндүүлүктү, өзгөчө учурдагы реалдуулукта саясий эркти талап кылат.

Кыргыз Республикасы биздин мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкка өзгөчө маани берет, Биримдиктин мейкиндигинде интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошуусун улантат деп ишенимдүү айта алам.

Урматтуу кесиптештер,

Глобалдык процесстердин ылдамдыгы, табигый кырсыктардын жана соккулардын өсүүсү, дүйнөлүк экономиканын өзгөрүү динамикасы орто мөөнөттүү келечекте биз экономиканын, климаттын жана коомдук түзүлүштүн өзгөрүүсүнүн жаңы реалдуулугу менен беттешээрибизди көрсөтүүдө.

Акыркы жылдарда жүрүп жаткан процесстер, экономика – бул чарбалык жана өндүрүштүк мамилелердин классикалык түшүнүгү эмес, бул адамдын курчап турган чөйрөгө жана коомго карата жаңы мамилеси экенин далилдөөдө.

Биримдик алкагында экономикалык интеграциянын жаңы багыттарын жана өз ара алакасын түзүү кыска жана узак мөөнөттүү келечекте эл аралык аренада биздин позицияларды бекемдейт.

Төмөн көмүртектүү өндүрүшкө карай жолдогу глобалдык өзгөрүүлөр биздин экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасир этээри анык.

Бул мааниде тышкы соода, өлкөлөрүбүздүн өндүрүштүк, салыктык саясаты өз убагында алдыдагы трансформацияларга адаптацияланышы керек.

Биздин экономикалардын төмөн көмүртектүү өнүгүүсүнө жетишүүгө умтулуу маселелеринде Биримдиктин биргелешкен позициясын иштеп чыгуу зарыл.

Өз тарабыбыздан, климаттык күн тартибин Биримдик алкагында да, регионалдык жана универсалдуу эл аралык башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу да талкуулоого аянтча берүүгө даярдыгыбызды билдиребиз.

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары,

Газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү бүгүнкү күндө мындан аркы интеграция үчүн маанилүү маселе боюнча калууда.

Албетте, бул маселелер биздин өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугуна тикелей таасирин тийгизет.

Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – мүчө-мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.

Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштеп башташын камсыз кылышыбыз керек жана Кыргыз Республикасы газ боюнча бардык өлкөлөр менен макулдашылган эл аралык келишимдин долбоорун реалдуу убакта кабыл алууну жактайт.

Урматтуу кесиптештер,

Келишимде мүчө-мамлекеттердин экономикасын чыңдоо жана алардын эриш-аркак өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздоо каралган. Буга байланыштуу биз өнүгүүнүн тең салмактуу шарттарын түзүүгө багытталган реалдуу инструменттерди иштеп чыгуубуз зарыл.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясына жана чектөөчү чаралардын кабыл алынышына байланыштуу экономикалык кризис бүткүл Биримдиктин экономикасына эбегейсиз таасирин тийгизди.

Анын кесепетинен киреше төмөндөп, жакырчылык деңгээли, жумушсуздук өстү. Тилекке каршы, Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикаларынын ортосунда олуттуу ажырым байкалууда.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, биз калктын кирешелерин жакындатууга жана экономикабызды түздөп кетүүгө багытталган мүчө-мамлекеттердин экономикасын кармап калуу механизмдерин жана максаттуу программаларын системдүү жана мазмундуу иштеп чыгуубуз керек.

Мындан сырткары, мүчө-мамлекеттердин экономикалык өзгөчөлүгүнө карап, импортту алмаштыруу маселелерин чечүү максатында, туруктуу кооперациялык долбоорлорду түзүү жана өндүрүштү локалдаштыруунун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизүү зарыл.

Бул багытта ишти күчөтүү өтө маанилүү деп эсептейм.

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары,

Акыркы мезгилдерде биздин өлкөлөрдө азык-түлүктүн же ашыкча өндүрүлүп, же жетишсиз болуп жатканына тушугуп атабыз. Тилекке каршы, бизде мындай көрүнүштөргө таасир этүүчү механизмдерибиз жана рычагдарыбыз жок.

Бүгүнкү күндө Биримдикке кирген ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай келет.

Буга байланыштуу, аялуу жана негизги азык-түлүк өнүмдөрүнө манипуляция кылууга жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн рыноктун катышуучуларынын тең салмактуу жана алдын ала болжолдонгон аракеттер менен көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууну сунуштайм.

Азык-түлүк өнүмдөрүнүн тартыштыгын алдын алуу жана бири-бирин толуктоону камсыз кылуу үчүн келечекте ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик базаны шайкеш келтирүүгө биргелешкен практикалык чараларды көрүү зарыл.

Бул макулдашылган, келечекте болсо бирдиктүү агроөнөр жай саясатын калыптандырууга шарттарды түзүүгө олуттуу кадам болот.

Урматтуу достор!

Евразия экономикалык биримдигин куруп бүтүү – бул мүчө-мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келген, ар кандай сценарийлерди жана аракеттердин ыргагын камтыган “жандуу” татаал процесс.

Биздин Биримдик түзүлгөндөн тартып глобалдык экономикадагы жана глобалдык чечимдерди кабыл алуу тутумундагы өзгөрүүлөрдүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр тарабынан Биримдиктин мүчө-мамлекеттерине экономикалык басым жасоосунун тушунда иштөөдө.

Биримдиктин мамлекеттери үчүн экономикалык натыйжалуулуктун масштабы интеграциялык процесстердин деңгээлине жана тереңдигине түздөн-түз көз каранды, ал эми интеграциянын жетишсиздиги тобокелдиктерди жана талаштуу кырдаалдарды пайда кылышы мүмкүн.

Биримдик биздин интеграциябызды бекемдеп, аны тереңдетүүгө багыт алышы керек!

Өлкөлөрүбүздүн экономикалык туруктуулугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

Пикир

Оставить комментарий