• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров ЕБнын атайын өкүлү Петер Бурианды миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 01.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү, элчи Петер Бурианды Европа Бирлигинин Атайын өкүлү катары миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн Европа Бирлиги менен өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы негизги приоритеттердин бири экендигине токтолду. Кыргызстан ЕБ менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров «Европа Бирлиги — Борбор Азия» алгачкы экономикалык форумун 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт.

Президент ошондой эле Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоорун даярдоо зарылдыгын белгиледи. 2021-жылдын аягына чейин бул документке кол коюу маселеси приоритеттүү мүнөзгө ээ.

Өз кезегинде Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү, элчи Петер Буриан Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы достук мындан ары дагы жалпыга таанылган баалуулуктарга жана принциптерге негизделерине үмүт артарын билдирди.

Баарлашуунун соңунда Мамлекет башчысы Петер Бурианга Европа Бирлигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлү катары ийгиликтүү иш алпаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий