• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров экономикага ӨК режимин киргизүү жөнүндө: Азыркы мыйзам менен элге жардам бере албайбыз

Экономика 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал (ӨК) режимин киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу республика боюнча өзгөчө абал (ӨА) режими киргизилген, КР өкмөтүнүн алдында ыкчам чараларды кабыл алуу маселеси турган, Юстиция министрлиги КРнын мыйзамында «Экономикага өзгөчө абал режимин киргизүү» деген түшүнүк жок экенин жана өкмөт ыкчам иштей албай турганын билдирген. Ошон үчүн өткөн жылы пандемия учурунда өкмөткө иштөө оор болгон жана эч нерсе сатып ала алышкан эмес.

«Мен өкмөткө келгенде Кытай 150 миң доза вакцна берип калды, биз аны алып келе албай жаттык. Тендердин артынан тендер өткөрүү керек. Азыр президенттин чечими менен ар бир вакцинаны сатып алуу үчүн тендер өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Бирок биз үчүн мындай ыкчам чараларды көрүү дагы эле кыйын, анткени Юстиция министрлигинин "Экономикада өзгөчө кырдаал режимин киргизүү" деген түшүнүк жок деген тыянагы бар. Ошондуктан биз ушул түшүнүктү жана механизмди киргизүүнү баштадык. Азыркы мыйзам менен биз элге жардам бере албайбыз, салык жыйнай албайбыз жана жолугушуулардан башка эч нерсе кыла албайбыз”,-деди Жапаров.

Мындан мурда, 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Экономикада өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алышкан. Мыйзам долбоордун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий