• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышууда

Президент 0

Бишкек, 04.03.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин видеоконференция форматында өтүп жаткан ишине катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы саммитте сөз сүйлөп, сөзүнүн башында өлкөдөгү акыркы саясий-коомдук окуялар, анын ичинде башкаруу формасын тандоо боюнча референдум тууралуу кыскача айтып өттү.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстандын эли өзүнүн мындан аркы өнүгүү жолун аныктады. Жакында тиешелүү конституциялык түзөтүүлөр добушка коюлуп, мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча иштер башталат.

«Кыргызстан буга чейинки жетишилген келишимдерге ылайык, эл аралык милдеттенмелерин аткара берет. Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен достук мамилелерди өнүктүрүүдө ырааттуулукту сактоого убадаларыбызды тастыктайбыз», — деп баса белгиледи Президент. Ал Кыргызстандын бардык мамлекеттер менен достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптеринде баарлашуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн ачык экендигин кошумчалады.

Андан ары Мамлекет башчысы пандемия бул вирус менен эч ким жалгыз күрөшө албастыгын көрсөткөнүн айтып, ЭКУнун бардык өлкөлөрү олуттуу экономикалык жоготууларга учураганына токтолду.

«Аны дүйнөдөгү ири державалар дагы токтото алган жок. Ошондуктан биз биргелешип аракет кылып, COVID-19дун айынан келип чыккан экономикалык жана социалдык кризистен чыгышыбыз керек», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ушул контекст менен ал Уюмдун бул багытта жигердүү иштеп, мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системаларынын колдо болгон ресурстарын топтоп, «COVID-19» менен күрөшүүдө алдыңкы тажрыйбаларды, медицина илиминин акыркы жетишкендиктери менен алмашуу, вакцинаны эрте иштеп чыгуу, каттоо жана киргизүү, ошондой эле ЭКУнун аймагында калкты эмдөө боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө кудурети бар экенин баса белгиледи.

«ЭКУ аймагы бардык керектүү потенциалга ээ, анын ичинде ири адамдык жана илимий ресурстар, эбегейсиз табигый ресурстар жана кеңири байланыш тармагы бар. Биздин өлкөлөрдү Улуу Жибек Жолу аркылуу соода- кызматташтыгы гүлдөп турган мезгилдерден бери келе жаткан, кылымдарды карыткан жалпы тарыхый жана маданий тамырлар бириктирип турат», — деди президент.

Уюмдун акыркы жетишкендиктерин жогору баалаган Садыр Жапаров мүчө-мамлекеттердин алдында турган заманбап чакырыктар менен жаңы милдеттерди белгиледи.

«Азыркы учурда ЭКУнун аймактык экономикалык жана чарбалык байланыштар тутумундагы ролу биздин өлкөлөр ээ болгон реалдуу потенциалына дал келе электигин моюнга алуу керек. Тилекке каршы, ЭКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода өнүгүүсүнүн өсүшүнө тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктар, транспорттук чыгымдардын кымбаттыгы, катышуучу өлкөлөрдүн өз рынокторун жана өндүрүүчүлөрүн коргоого болгон мамилелеринин айырмачылыгы, дүйнөлүк финансылык рыноктун туруксуздугу, ошондой эле саясий кризистер экономикалык жана социалдык турукт уулукка талашсыз таасирин тийгизүүдө. ЭКУнун ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу үчүн зарыл жана алгылыктуу чечимдерди издөө аркылуу Уюм жаңы жана сапаттуу деңгээлге чыгышы керек экендигин таанышыбыз керек», — деп айтты Президент Садыр Жапаров. Ал Уюмдун заманбап шарттарга шайкеш келиши жана бардык катышуучу өлкөлөр үчүн зарыл болгон интеграциялык милдеттерди аткарууга кызмат кылышы маанилүү экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий