• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров ЭКУ менен кызматташуунун алкагындагы Кыргызстандын приоритеттүү багыттарын атады

Президент 0

Бишкек, 04.03.21./Кабар/. «Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары Кыргыз Республикасы үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташуунун приоритеттүү багыттарынын бири транспорт тармагы болуп саналат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта ЭКУнун видеоконференция форматында өтүп жаткан 14-саммитинде сүйлөп жатып.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчысынын белгилешинче, бүгүнкү күндө ЭКУнун максаты — дүйнөлүк экономикалык тутумдун татыктуу жана маанилүү оюнчуларынын катарына кирүү болуп саналат.

Садыр Жапаровдун айтымында, кызматташтыкты жана экономикалык өсүштү, аймактын өнүгүшүн жүзөгө ашыруу максатында экономикабыз үчүн приоритеттүү делген соода, транспорт, коммуникация, энергетика, туризм, экономикалык өсүш, социалдык жыргалчылык жана айлана-чөйрө сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда стратегияларды иштеп чыгып, аны ишке ашыруу керек.

«Кыргыз Республикасы ЭКУнун башка өлкөлөрү менен бирге Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлорун өнүктүрүүгө катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга, Ирандын аймагы аркылуу ачык деңиздерге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошондой эле, биз ЭКУнун транспорт жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер программасына кирген ЭКУга мүчө-өлкөлөрдүн транспорттук каттамдарын Европанын жана Кытайдын тышкы базарларына чыгууга байланыштырган темир жол курулушунун долбоорлорун илгерилетүүгө өзгөчө маани беребиз», — деп баса белгиледи Президент.

Ал ошондой эле ЭКУ аймагында жаңы темир жол линияларын куруу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстан аркылуу Кытай менен чек арага чейин жаңы темир жолдун долбоорун ишке ашыруу чоң мааниге ээ экенине токтолду.

ЭКУ өлкөлөрүнүн ортосунда энергетикалык ресурстардын соодасын кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

«Энергетиканын өнүгүшү көптөгөн жылдар бою экономикалык өсүшкө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, бүгүнкү күндө төрт өлкө — Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан CASA-1000 долбоорунун бардык объектилеринин курулушун башташты. Бул долбоор Борбордук Азия жана Түштүк Азия үчүн региондор аралык электр энергия рыногун түзүүнү, ошону менен бүтүндөй континент боюнча электр соодасын өнүктүрүүнү көздөйт», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге өлкөлөрдүн ортосунда айрыкча туризм тармагындагы кызматташтык барган сайын активдешип жаткандыгын өзгөчө белгиледи.

«Биздин чөлкөмдүн өлкөлөрү маанилүү туристтик-рекреациялык потенциалга ээ жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргыз Республикасы биздин бардыгыбыз үчүн керек болгон туризмдин келечектүү багыттары боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет. Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2014, 2016 жана 2018-жылдары өткөрүү демилгеси дүйнөлүк коомчулук тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынган. 2021-жылга Түркияда пландаштырылган кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтөт деп терең ишенебиз», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров ЭКУ өлкөлөрү бардык зарыл потенциалга ээ экенин жана Евразия континентинин борборунда болгондуктан, өз максаттарын жана милдеттерин өз алдынча аткарууга жетиштүү деңгээлде жөндөмдүү экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий