• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Электр жарыгынын өчүшү боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Электр жарыгынын өчүшү боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, жарыктын өчүшү кыргыз тараптын мүчүлүштүгүнөн болгон жок.

“Борбор Азиядагы бирдиктүү энергошакекче тарыхта биринчи жолу ушундай көйгөйгө туш болду. Бул жагдай боюнча комиссия түзүлүп, иликтенет. Анын жыйынтыгын биз жарыялайбыз”, - дейт Акылбек Жапаров.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган. Анын себеби Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болгону айтылат.

Пикир

Оставить комментарий