• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров: Энергетика тармагынын азыркы кейиштүү абалы чукул чараларды көрүүнү талап кылат

Президент 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. «Энергетика — стратегиялык маанидеги, ошону менен бирге көйгөйү көп тармак. Анын азыркы кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров, бүгүн, 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана адистери менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууга энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков, энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана бул тармактын ардагерлери Ильяс Давыдов, Мирбек Батаканов, Лев Васильев жана Ибрагим Алиев катышты.

Энергетика системасындагы учурдагы кырдаал, реформалоо жана тарифтик саясат жана аны андан ары өнүктүрүү багыттары талкууланды.

Мамлекет башчы буга чейин бул тармакта проблемаларды чечкендин ордуна, тескерисинче, проблеманын үстүнө проблемалар үйүлүп, оңдоо иштерине деген шылтоо менен кредиттер алынып, акчалар тармакка жумшабастан уурдалып, бул секторго салынбай келгендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилешинче, мындай мамиленин натыйжасында, бүгүнкү күндө энергетикалык компаниялардын карызы 129 миллиард сомду түздү, оңдолбой калган подстанциялар менен линиялар начар абалга келди.

Буга байланыштуу президент бул акчалардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында олтурушкан аткаминерлер тарабынан уурдалганын, бул маселе боюнча Эсептөө палатасына тапшырма берилерин баса белгиледи.

«Суунун башында олтуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калдык. Ушул тапта Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоп жатабыз. Бул биз үчүн өтө уят көрүнүш», — деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы учурда бул системага сырттан карыз албай, натыйжалуу тарифтик саясатты колдонуп, өз күчүбүз менен кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун изделип жаткандыгын кошумчалады.

«Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ЖМК беттерин бербей, тариф саясатын сындап чыгышат. Анткени алар күзүндө өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. „Саясатчы алдыда боло турган шайлоолорду эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт“ деген учкул сөз бар. Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. Жыйынтыгы жакшы болот. Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат», — деди Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу президент саясый кайдыгерликти, волюнтаризмди токтотууга чакырып, энергетика тармагынын көптөн бери топтолуп, бирок чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүнү ниет кылып, чечкиндүү аракеттердин баарына барууга даяр экендигин билдирди.

Ал айрым аткаминерлердин жеңил ойлуу саясий чайкоочулугунун айынан, эптеп эле уурдап калууну көздөгөн алдым-жуттум мүдөөлөрүнөн улам бул тармак ушундай акыбалга кириптер болгонун баса белгиледи.

«Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз. Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз. Ошол эле маалда, биз болжоп, пландаштырып жаткан энергосистемадагы реформалар эл-журтка оорчулук келтирбей, залалы тийбеши керек» — деп айтты президент.

Мамлекет башчысы бул максаттарды ишке ашырууга канчалык тез киришсек, суу таңкыстыгы, кычыраган кышкы суукта электр жарыгынын өчүп калышы сындуу терс көрүнүштөрдөн ошончолук бат арылууга болорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий