• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров этностук диаспоралардын жана диний уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстан элдер ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү жана конфессиялык бирикмелердин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан Эгемендүүлүктүн 31 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттардын алдыңкы өкүлдөрүн өлкөдөгү биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү милдети экенине токтолуп, Кыргызстандын көп улуттуу элинин турмушун жакшыртуу жана жаштарды тарбиялоо жаатында биргелешип жигердүү иш алып барууга чакырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы ондогон этностук коомдук бирикмелерди өзүнө камтыган Кыргызстан элдер ассамблеясынын маанисине өзгөчө токтолду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №38 Жарлыгына ылайык, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган статусу ыйгарылган.

«Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн элибиздин биримдигине негизделген кызматташуу жана жаратман эмгек керек. Өлкөбүздө жашаган этносторубуздун ортосундагы мамилени чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүү максаттардын жана милдеттердин бири болуп саналат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

«Элдин биримдиги жерибизге тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү алып келээрине терең ишенем», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий