• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров Фумио Кисиданы Япониянын премьери кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Фумио Кисиданы Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Японияны ар кандай чөйрөдөгү достук жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары эсептейт.

Япония көп жылдар бою кыргыз элине социалдык-экономикалык реформаларды улантууга, элдин жыргалчылыгын жакшыртууга жана демократияны чыңдоого багытталган ишмердүүлүктүн эң артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу жардам көрсөтүүдө. Япониянын үзгүлтүксүз колдоосун жогору баалап, пандемияга каршы өз убагында көрсөтүлгөн жардам үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Фумио Кисидага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий