• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жапаров: Ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу — ар кандай интеграциянын маанилүү дивиденди

Президент 0

Бишкк, 21.05.21. /Кабар/. «Ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу жана чектөөлөрдү алуу ар кандай интеграциянын маанилүү дивиденди болуп саналарын так түшүнүшүбүз керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео конференция форматындагы кезектеги жыйынында. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Бирликтин ички рыногунун иштешинин алкагында туруктуу соода агымдарынын көлөмүн көбөйтүү жана камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлүшү керектигин, ансыз соодадагы тоскоолдуктарды толук жоюу мүмкүн эмес экендигин баса белгиледи.

«Ал үчүн Бирликтин институционалдык системасын өркүндөтүү боюнча ишти тездетүү зарыл, бул Комиссиянын кллегиясына тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү менен кабыл алынган милдеттенмелерди жана келишимдерди аткарууга кепилдик берет. Ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган толук форматтуу жалпы рынокторду калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча кыймылды тездетүү керек. Энергетикалык ресурстардын жалпы рыногуна токтолсок, биз дискриминацияланбаган мамилелер менен координацияланган энергетикалык саясаттын зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу позицияны карманабыз. Тактап айтканда, жалпы газ рыногун түзүү Бирликтин алкагындагы экономикалык интеграциянын ажырагыс бөлүгү экендигине ишенебиз. Бул энергетикалык коопсуздугубуздун маанилүү бөлүгү», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ЕАЭБдин жалпы энергетикалык потенциалы маанилүү экендигине жана энергетикалык ресурстарды өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлей тургандыгына, аны натыйжалуу пайдалануу ар кандай коркунучтарга күчтүү жооп болуп бере ала тургандыгына токтолду.

Ошондой эле Мамлекет башчысы кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү маселесине токтолуп, Кыргыз Республикасы экономикалык жактан максаттуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө карата либералдаштыруу саясатын артыкчылыктуу багыт катары карманарын белгиледи.

Садыр Жапаров адамдар үчүн интеграциянын потенциалын ачуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн эркин жүрүү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары, саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун заманбап стандарттарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүнүн жана туруктуулукту сактоонун алкагында, биринчиден, Бирликтин бардык жарандары үчүн вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин медицинага колдонуу үчүн дары-дармектерди жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү боюнча кызматташуу маселесин толугу менен колдойт жана биргелешкен иш-чараларга активдүү катышууга даяр.

Мамлекет башчысы белгилегендей, күчтү пандемиянын кесепеттерин азайтууга жумшоо жана мүчө мамлекеттердин экономикасында түзүмдүк оң өзгөрүүлөрдүн негизин түзүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий