• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгы жогору коюлат

Президент 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы жогору коюлат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди, - деп маалымдалат өкмөттүн расмий сайтында

Садыр Жапаров учурда иштеп жаткан тоо кен тармагындагы компанияларды атайын түзүлгөн комиссия ишмердүүлүгүн иликтеп чыгарын белгиледи. Бул комиссия ишканалардын экологияга тийиштүү маселелерин дагы карап чыгат.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, алар менен бир макулдашууга келебиз деген ойдомун. Мындан ары тоо кен тармагындагы ишканалар кайсы бир топтун эмес, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн иштейт», - деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле Садыр Жапаров тоо кен тармагынын продукциясын мындан ары концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюуларын белгиледи.

«Учурда адистер тоо кен тармагынын продукциясын концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр продукция катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Муну менен катар мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбасаңыздар», - деди Президенттин милдетин аткаруучу.

Жергиликтүү эл кен тармагындагы ишканалардын аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, жумуш орундар менен камсыз кылганын эске алуу менен инвесторлордун коопсуздугун жана алардын иштөөсүн камсыз кылуу керектигин белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча суроолор берилип, Премьер-министр айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий