• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Ирандын президенти Хасан Руханини Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Руханини Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берет. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер биздин элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы бекемделет деп ишенемин „, — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Хасан Руханиге бекем ден соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий