• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров: Ислам өнүктүрүү банкы берген мобилдик клиника Баткенге жиберилет

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанга беш бөлүктөн турган (5 трейлерлер) мобилдик мультиагностикалык клиниканы өткөрүп берүү аземи өттү.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, Ислам өнүктүрүү банкына жана араб өнөктөштөрүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жапаров алгач клиниканы Нарынга жөнөтүү пландалган, бирок акыркы окуяларга байланыштуу аны Баткенге жиберүү чечими кабыл алынганын айтат.

“Нарын эли бизди туура түшүнөт деп ишенем. Баткенге клиника көбүрөөк керек. Клиника ай сайын ар бир облусту кыдырып чыгат. 7 айдан кийин биздин бардык облусту кыдырып чыгып, кайра Баткенге барат. Беш жылдын ичинде алар өлкөнү кыдырып турат”, - деди президент.

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары менен диагностикалык бөлүм бар, ошондой эле операция бөлмөсү да каралган.

Пикир

Оставить комментарий