• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелланы Республика күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелланы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Италия Республикасынын улуттук майрамы — Италия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташуунун чоң потенциалы бар. Аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу максатында өз ара тыгыз байланыштар мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага чың ден соолук, бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий