• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров: Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган

Президент 0

Бишкек, 27.02.21./Кабар/. «Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

«Урматтуу маданият кызматкерлери!

Интеллигенциянын, илим жана билим тармагынын ардактуу өкүлдөрү!

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, элибиздин ХХ кылымдагы маданий улуу жетишкендиктеринин тикелей күбөсү жана алп сүрөөнчүсү Күлүйпа Кондучалова энебиздин жүз жылдык мааракесине байланыштуу мына минтип түрө жыйылып, майрамдык көтөрүңкү маанайда отурганыбыз — улуттук дөөлөт. Ошону менен бирге, маданият тууралуу кенен-чонон кеп кылуунун да оролу келип турат. Моюнга алуум керек, мен сиздер менен мурдараакта эле, ал тургай шайлоо өнөктүгү маалында озунуп жолугушуум керек болчу. Бирок ылайык-шартын келтире албай жаттым. Деген менен, маданият тармагы жөнүндөгү маселе менин такай ой-санаамда, көңүлүмдүн чордонунда турду, андыктан өзүмдүн инаугурациялык сөзүмдө маданиятка кандай маани береримди туюнтканым, „негизги максаттарымдын бири — маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөө саясатын жүргүзүү“ деп жар салганым бекер жерден эмес.

Ар бир муундун тарыхта өз орду, өтөөчү милдети бар. XX кылымдын башындагы улуу көсөмүбүз, быйыл 120 жылдык мааракеси белгиленгени жаткан Жусуп Абдрахмановдун купуя кылып, күндөлүгүнө жазган мындай сөзү бар: „Тагдырымдын буйругу менен мен улуу тарыхый доордогу окуялардын күбөсү болуп калдым“. Ушул сөздөр кайсы бир даражада Күлүйпа Кондучалованын тагдырына карата айтылса да жакшы жарашмак. Себеби, Күлүйпа апабыз кыргыз мамлекеттүүлүгү жарала электе, башкача айтканда, элибиз автономия тууралуу оозанмак түгүл кыялданганга шаасы жетпей турган, Үркүндөн кийинки оор замандарда Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Кара-Жыгач деген конушунда 1920-жылы жарык дүйнөгө келген экен. Замандын талабын туйган элеттик кыз эл жүгүн аркалоого эртелей аттаныптыр. Сабатсыздыктын арааны күч ошол мезгилде кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, тайманбастан Пишпекке окууга келет. Бул да эрдикке тете иш эле. Он сегиз жашында педагогикалык окуу жайын аяктагандан тартып кылымдар тогошкончо, XXI кылымдын башына чейин, тагыраак айтканда, сексен жаштан өткөнчө жалаң мамлекеттик, өкмөттүк жана коомдук иштерди аркалады.

Кызматтык жолуна кыскача эле токтоло кетейин: адегенде алыскы Нарын жергесинде агартуучулук тармакта эмгек жолун баштап, андан соң аялдар кеңешин жетектеп, Москвадагы Жогорку партиялык мектептен билимин тереңдетти. Ошол мезгилдеги жетекчилер анын уюштуруучулук шыгын, мамлекеттик жүктү көтөрө алчу дараметин көрө билишип, аны 1953-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри кылып дайындаган. Бул жооптуу кызматтарды беш жылдай аркалаган соң, 1958-жылы Маданият министри кызматына киришет. Тагдыр, Күлүйпа апанын тагдыры демекчи, анын кыргыз элинин алдындагы миссиясы — улуттук маданиятты жаңы сереге көтөрүү, дүйнөгө таанытуу болгон. Себеби, дал ошол жылдан баштап Күлүйпа Кондучалова министрлик кылган доор, кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. Жакшылап баам салсак, кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа энебиздин тушунда арбын жасалды. Четинен эле санап, мисал тарта кетейин. Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат.

Декаданын чындап эле жогорку деңгээлде өткөнүн кыргыз таланттары багындырган сыйлыктары далилдеп турат. Маселен, 2-декаданын жыйынтыгы менен опера жана балет театрына „академиялык“ статус берилген. 9 киши „Ленин“ ордени, 41 киши „Эмгек Кызыл Туу“ ордени, 86 киши „Ардак белгиси“ ордени менен сыйланган. Залкар актер Муратбек Рыскулов, ай чырайлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева, туңгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева „СССРдин эл артисти“ наамдарын алышкан. Күлүйпа Кондучалованын ар бир талантты көрө билип, бапестеп таптагандыгынын аркасында „СССРдин эл артисти“ ардактуу наамына татыктуу болгондор көбөйгөн. Саны боюнча салыштырганда 15 союздук республиканын ичинен Кыргызстан үчүнчү орунда турган! Кыргыз өнөрпоздору мына ушинтип эл аралык деңгээлде тааныла баштаган.

Дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу. Кылымда бир жаралчу кайталангыс ырчы Болот Миңжылкыевдин Италиянын атактуу „Ла-Скала“ театрында тажрыйбасын өркүндөтүп келиши да Күлүйпа Кондучалованын түздөн-түз эмгеги, камкордугу экендигин айтпай кетүүгө болбойт. Натыйжада, Болот Миңжылкыевдин үнү дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңырды, Ала-Тоонун алтын добуш ырчысы атыгып, ааламды аралады. Искусство жылдыздары багындырган мындай ийгиликтерди санап олтурсак оголе көп. 1976-жылы Токиодо өткөн вокалисттердин фестивалында булбул үндүү Кайыргүл Сартбаеванын күмүш медалды жеңип келгени, 1978-жылы Гаванада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда залкар комузчу Самара Токтакунованын Баш байгени жеңип алганы, 1976-жылы композитор Калый Молдобасановдун „Саманчынын жолу“ балет-ораториясынын, 1977-жылы кинорежиссер Болот Шамшиевдин „Ак кеме“ көркөм тасмасынын СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушу атпай журтту сыймыкка бөлөгөн, көңүлүн өстүргөн маданий окуялардан деп белгилөөгө болот.

Ошол себептен, Күлүйпа Кондучалованын ысымы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп-чыңдаган, улуттук аң-сезимди жетилткен залкар адамдар, улут аталары менен бир катарда турат. Күлүйпа апабыз көзү өтөрдө: „Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар кыргызды сактайсыңар“, — деп керээз сөз айткан экен. Ошол себептен, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү ¬¬– улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар деп кайталагандан тажабаймын. Ошондуктан, XXI кылымдагы кыргыз мууну улуулардын уркун татыктуу уласа экен, XX кылымдын залкарлары жана алардын замандаштары жараткан албан бийиктикти, асыресе, Күлүйпа Кондучалова энебиз жыйырма жылдан ашуун министрлик кылган доордо жаралган рухий-маданий дөөлөттөрдүн салтанатын кайталаса экен деп тилек кылалы да, күч үрөйлү.

Урматтуу маданият ишмерлери!

Эгемендүүлүк мезгилиндеги экономикалык каатчылыктан улам маданият тармагы өтө татаал кезеңди баштан кечирди. Мамлекет жетишсиз көңүл бөлгөнүнө, эмгек акынын аздыгына, шарттын начардыгына карабастан, маданият тармагын сүрөп келгениңерге ыраазычылык билдиремин. Искусствону чанып кетпей, терең ишенимге таянып, чыдамкайлык жана сабырдуулук менен маданиятка кызмат өтөп келгениңерди чоң эрдик деп эсептеймин. Биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин ал-абалын бийик көтөрө албайбыз. Маданият десе кээ бир адамдар ырдап-бийлөө деп түшүнөт. Бул туура эмес түшүнүк. Маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү. Элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, биз күчтүү, бакыбат коомду кура албайбыз. Андыктан менин биринчи Жарлыгым „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө“ деп аталат. Бул Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө концепция иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берилди. Биз инсанды бала бакчадан тартып, руханий-адеп-ахлак жагынан өнүктүрүп, дене тарбиясын өстүрмөйүн, мыкты, билимдүү жана дени сак муун өстүрө албайбыз. Бүгүндөн тарта бул маселеге көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калат. Бул демилгени ушул жерде олтурган ар бириңер колдойсуздар деп ишенем жана жапа тырмак жардам берүүгө чакырам. Биз азыр ар бир калемгерге, чыгармачыл инсандарга шарт түзүп, камкордукка алып, мыкты чыгармаларды жазууга шарт түзүп бербесек, руханий ачкачылыкты толтура албайбыз. Элибиз бүгүнкү күндөгү чыгаан акын-жазуучуларыбыздын, композиторлорубуздун жаңы чыгармаларына муктаж. Чыгармачыл инсандардын башын бириктирген чыгармачыл союздар менен тыгыз иш алып барып, кароо-сынактарды, фестивалдарды өткөрүп, элди руханий жактан толук тейлөө зарыл болуп турат. Адабиятыбызга ак кызматын арнаган урматтуу акын, жазуучулар, драматургдар жана обончу-композиторлор, сүрөтчү-скульпторлор элибиздин жан дүйнөсүн байыткан заманбап жаңы чыгармаларды жараткыла. Биздин коом азыркынын Түгөлбай Сыдыкбекову менен Чынгыз Айтматовуна, азыркынын Төлөмүш Окееви менен Болот Шамшиевине, бүгүнкү күндүн Болот Миңжылкыеви менен Кайыргүл Сартбаевасына, жаңы кезеңдин Гапар Айтиеви менен Тургунбай Садыковуна муктаж. Мыкты чыгармалар жаралса, мамлекет аны жарыкка чыгаруу жана жайылтуу ишин колго аларына ишендирип кетем.

Маданиятыбызда көмүскөдө жүрүп, көрүнүктүү иш кылгандар — музей жана китепкана ишмерлери. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1064 китепкана иштейт. Китеп — акылдын, билимдин булагы. Китеп фондун байытып, элди китеп менен азыктандырбасак, китеп окубаган муундун кандай болорун көрүп жатабыз. Жергиликтүү бийликтерге кайрылып кетерим, китепкана, музей тармактарына, райондук, айылдык маданият үйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Маданият айылга чейин жетип, элет маданияты көтөрүлсө, элибиз көтөрүлөт. Маданият үйлөрү шайлоолор маалында гана жыйналыш, жолугушуу өткөрө турган зал эмес, маданият менен элди тарбиялаган ыйык имаратка кайрадан айландыралы. Маданиятыбызды келген меймандарга, чет элдик конокторго, өсүп келе жаткан жаңы муунга тааныштырууда музей тармагынын ролу өзгөчө. Заманбап жаңы технологиялар менен бул тармакты үзүрлүү иштетип, жаңыча музейлер менен толуктоо — келечектин иши. Кылымдарды карыткан тарыхый эстеликтерди сактап, урпактарга баалуу мурас катары өткөрүп бербесек, тарых кечирбес. Өлкөбүздө эки миңден ашуун тарыхый эстеликтерибиз бар. ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу, материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоо жана жайылтуу багытында жасала турган кадамдарыбыз арбын. Башкасын айтпаганда да улуу „Манас“ эпосун даңазалоодо атайын программа иштеп чыгып, каржы булактарын аныктап, манасчылык өнөрдү аздектөө милдети турат. Манасчыларыбызды мамлекет камкордукка алып, алардын башын бириктирип, өнөрүн тааныта турган „Манас“ театрын ачуу багытында кадамдар жасалууда. 2019-жылы Кытай улуттук опера театры „Манас“ операсын коюп келгенде төбөбүз көккө жетип сүйүндүк. Бул биз үчүн албетте сыймык. Бирок бир кезде Власов, Малдыбаев, Фере жазып кеткен „Манас“ операсынын улуттук опера жана балет театрында коюлбай, токтоп калганы өкүндүрөт. Улуттук сыймыгыбыз улуу „Манас“ темасы ар бир театрдын репертуарында болууга тийиш. 90-жылдары театр, оюн-зоок мекемелерине эл келбей, бош калган учурлары да болгон. Ал эми азыр руханий муктаждыктан улам элдин театрга кызыгуусу артып турган учур. Театрларыбыздын элдин купулуна толо турган заманбап спектаклдерди жана оюн-зоокторду коюп, концерттер менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартышы мезгилдин бирден-бир талабы болуп турат. Театр оюн-зоок мекемелериндеги эффективдүү иштөөнүн жолдорун таап, чыгармачылык дараметти жогорулатуу сиздердин милдетиңиздер. Учурда режиссура маселеси, дирижерлук кылуу, опера, балет, цирк тармагынын адистери жагынан, профессионалдык искусствобуз кадрдык жактан аксап жатканын да билебиз. Эгемендүүлүк мезгилде токтоп калган кино искусствосу кайрадан жанданып, жигердүү аракеттери менен намыс алып келген киночулар Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Садык Шернияз, Эрнис Абжапаров, Темир Бирназаров, Бакыт Мукул, Дастан Жапаров, Айбек Дайырбеков сындуу көрүнүктүү кино режиссерлорубуз жараткан тасмалар эл аралык кинофестивалдарда абройлуу сыйлыктарды багындырды. Мындан ары, ата мекендик кино өндүрүштү күчүнө киргизип, кыргыз кереметин кайрадан жандандырабыз деп ишенем.

Учурда маданият тармагынын имараттары эски, эмгек акылары өтө төмөн экендиги боюнча да толук маалыматым бар. Буюрса, менин эң негизги иштөө багыттарымдын бири маданият тармагы болгондуктан, мамлекетибиздин каржысын толтуруп, экономикалык кризистен чыгуу менен, руханий кризистен чыгуунун жолдорун бирге алып барабыз. Учурдагы абалыбыздын оор экендигине карабай, театр-оюн зоок мекемелерин оңдоп түзөө иштери улантылат. Республикабыздын борбор калаасында жана жети облустун шаарларында жаңы үлгүдөгү маданият мекемелерин куруу багытын эске алуубуз шарт. Анткени отуз жыл ичинде көзгө көрүнөөрлүк маданий объектердин курулганы жокко эсе. Кээ бир театрларыбыз имараты жок ар кайсы мекемеде иш алып барып келишкени өкүнүчтүү. Ал тургай узак тарыхы бар Улуттук жазуучулар союзу, театр ишмерлер союзу имараттарынан айрылып, азыркы күндө имараты жок, ижара акы төлөп иштеп келүүдө. Биз бул маселелерди тез арада чечип көмөк көрсөтүшүбүз керек. Маданият кызматкерлерин материалдык жактан муктаж кылып коюп, маданиятты оңдой албайбыз. Андыктан эмгек акы маселеси, турак жай маселеси чечилбесе абал өтө эле оор бойдон кала берет. Экономика жана финансы министрлигине маданият кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселесинин жолдорун тез арада табууга тапшырма берем. Этап этабы менен маданият кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп, маданият ишмерлери үчүн курулуп жаткан үйдү эмдиги жылдан тартып ишке ашырып, турак жай маселесин чечип баштайбыз.

Элдин атагын маданият менен спорт чыгарат экен. Кыргызстандын желегин чет элде маданият жана спорт гана желбиретет. Эл сыймыгы болгон эки тармак учурда биригип, бир министрликке айланды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекетибиздин идеологиясын жүргүзгөн чоң абройлуу министрлик катары иш алып барат. Кайрат Иманалиев, бул багытта силерге чоң милдет жүктөлдү.

Урматтуу мекендештерим, алдыда аткара турган иштерибиз көп, максаттарыбыз арбын. Жараткан ошол аруу максаттарды ишке ашырууга бизге күч-кубат берсин. Элибиздин руханий жарчыларына жаратмандыкты жана жакшылыкты ыроолосун. Кыргыз маданияты менен искусствосу, спорт тармагы өркүндөп өсүп, Күлүйпа Кондучаловадай асыл инсандарыбыздын арбагы ыраазы болгондой болсун».

Пикир

Оставить комментарий