• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жапаров: Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке кирип, ички аба каттамдар жанданат

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке кирип, ички аба каттамдарды жанданат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө ичиндеги аэропорттор жанданып жатат.

“Каракол, Нарын, Казарман, Талас аэропорттору ишке киришет. Кыскасы, ички аба каттамдарды жандантабыз. Жакында Каракол аэропортунун аэровокзалын жаңы курууга капсула салам”, - дейт өлкө башчы.

Жапаров былтыркы жылы “Манас” аэропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше бергенине токтолду.

“Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. Ушул эле акчалар менен аэропортторду оңдоо иштерин баштадык. Темир жолдогу коррупцияны жок кылдык эле, алар жарым жылда 2 миллиардга жакын киреше берип атат. Ошол эле өз акчалары менен Балыкчы-Кочкор темир жолун салып кетип бара жатышат. Эң негизгиси, башка бирөөлөр эмес, ата мекендик эле темир жол куруучуларыбыз куруп кетип бара жатышат. Мурда тендерден утту деген шылтоо менен чет өлкөлүктөргө берип, алардан 10 пайызын чөнтөккө алып жүрүшкөн. Мындан ары андайларга жол бербейбиз. Кыскасы, бардык тармактарда курулуштар жүрүп жатат”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий