• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Касиеттүү жерибизди, тоо-мөңгү, өзөн-сууларды көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек!

Президент 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда, Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин талааларында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Facebook» павильонунун аянтчасында түз эфирде кыргызстандыктарга жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы дүйнө лидерлеринин Саммитинде 120 өлкө катышып, алардын катарында Кыргызстан да бар экенин белгиледи.

«Биз дагы климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө коомчулугу көңүл бура турган маселелерди көтөрүп, өз көйгөйүбүз тууралуу кайрылуу жасадык», — деди ал.

Президент бул эки күн ичинде отуздан ашык мамлекет жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, алар менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө макулдашуу жетишилгенин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2022-жылдын 2-мартында БУУга мүчө болгонунун 30 жыл болорун эске салып жана бул мезгил аралыгында уюмдун активдүү мүчөсү боло алганын белгиледи.

«Кыргызстан дегенде асман тиреп, көк мелжиген тоолор, андагы ак кар, көк муздуу мөңгүлөр, жашыл токойлор, жылга-жылгадан шылдырап агып түшкөн өзөн-суулар элестейт! Моюнга алуу керек, климаттын өзгөрүүсү биздин көз жоосун алган жаратылышыбызга терс таасирин тийгизип, зыянын келтирүүдө», — деп билдирди ал.

Президент таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдү дүйнө коомчулугу менен биргеликте сактап калуу — бүгүнкү күндүн орчундуу маселеси экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы эске салгандай, 2002-жыл БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланган. Биринчи Глобалдык тоо саммити Бишкекте өткөн.

«Бул окуянын Кыргызстандын демилгеси менен ишке ашкандыгы биз үчүн чоң сыймык. Мындай кадам аркылуу Кыргызстан экология тууралуу кам көрүү негизги маселе экенин эскертип, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга умтулуп келген», — деди Садыр Жапаров.

Буга чейин ушул жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда Садыр Жапаров 2022-жылды кайрадан «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялоону, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү, ал эми 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин уюштурууну сунуштаган.

«Мөңгүлөрүбүз эрип, дарыялар жана тоолор экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жоголуу коркунучуна кептелген шартта өзүбүз жалгыз туруштук бере абайбыз. Дүйнө коомчулугунун көмөгү керек», — деп түшүндүрдү ал.

Мамлекет башчысы белгилегендей, саммитте ал тарабынан Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өз алдынча, максаттуу каржылоонун каралышын сунуштаган.

«Ал сунуштардын саммиттин чечимдерине камтылышын көздөйм. Бул багыттагы максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун алдында атайын фонд түзүлсө деген мүдөөлөрүбүз — түпкү максатыбыз», — деп түшүндүрдү Садыр Жапаров.

Ал кудай-таала ыроологон табиятыбызды, касиеттүү Ала-Тообузду сактап калуу жана кам көрүү — ар бир кыргыздын ыйык милдети экенин эске салды.

«Ошондуктан касиеттүү жерибизди, тоо-мөңгүлөрүбүздү, өзөн-сууларыбызды көздүн карегиндей сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек!», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий