• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров: Казакстан Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү

Президент 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Казакстан Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү, - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин — Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин айтты.

"Садыр Жапаров эки элдин кылымдарды карыткан биримдиги мындан ары да чыңдала берерине ишеним артып, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирди", - деп айтылат президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө.

Эки өлкөнүн президенттери жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий