• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Елизавета IIге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королевасы Елизавета IIге жолдошу — ханзаада Филипп Эдинбург герцогунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Улуу Даражалуу, Эдинбург герцогу Улуу Даражалуу ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элинин аза кайгысын тең бөлүшөм.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Королеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элине жана Британия Шериктештигине мүчө болгон бардык мамлекеттерге көңүл айтам», — деп белгиленет мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий