• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров «Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык:

— Кармышаков Улукбек Тойчуевич вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри кызматына дайындалды;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министр кызматына дайындалды;

— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министри кызматына дайындалды;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри кызматына дайындалды;

— Чынбаева Асель Рыспековна юстиция министри кызматына дайындалды;

— Ниязбеков Улан Омоканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри кызматына дайындалды;

— Бейшеналиев Алмазбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри кызматына дайындалды;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Абдралиева Гүлмира Курманбековна транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына дайындалды;

— Турдубаев Кубанычбек Апышевич энергетика жана өнөр жай министри кызматына дайындалды;

— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына дайындалды;

— Ажикеев Бообек Эргешевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалды;

— Иманалиев Кайрат Олжобаевич маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматына дайындалды;

— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий