• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров: «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүү эки тараптуу кызматташуубуздун тарыхында жаңы баракты ачат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өнөктөш мамлекеттер менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин жыйынына катышты.

Жыйын Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча орун басары, Атаандаштык боюнча кеңешинин төрагасы Абдулла Нассер Лута башчылык кылган Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) делегациясынын катышуусунда өттү.

Комитет жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасында акселераторлор программасын ишке киргизүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

«7 жылдан бери «Өкмөттүк акселераторлор» механизми бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен байланышкан маселелерди чечүүдө өзүнүн жогорку натыйжалуулугун көрсөтүп келет. Акыркы бир жылдын ичинде бул программа боюнча кеңири масштабдуу изилдөө жүргүздүк. Анын жыйынтыгы биздин узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгүбүздү таптакыр башка деңгээлге алып чыгып, ошондой эле эки тараптуу кызматташуубуздун тарыхынын жаңы барагын ачат деп ишенем», – деди Акылбек Жапаров.

Андан соң команда лидерлери үч чакырык боюнча чыгып сүйлөштү («чакырыктар»):

1. Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
2. Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
3. Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

Министрлер кабинетинин төрагасы үч «чакырыктын» жыйынтыгын чыгарып, бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары 100 күндөн турган жана жүз миңдеген адамдардын тагдырын аныктоого арналган жолдун алгачкы кадамын жасап жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө билимге суугарылган жана идеяга шыктанган ыкчам чечимдердин жана реформалардын мезгили экенин эске алсак, процесстин катышуучулары аларга жүктөлгөн милдеттерди жогорку профессионалдык деңгээлде аткарып, үмүтүбүздү актоого милдеттүү. Командалардын стандарттуу эмес ой жүгүртүүсү, ыкчамдуулугу жана ийкемдүүлүгү жүргүзүлүп жаткан реформалардын ылдамдыгы менен бирге өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн тездетип, калктын бакубаттуулугун жогорулатат», - деп баса белгиледи Жапаров.

Ал «чакырыктарды» турмушка ашырууга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу жана аларды турмушка ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Белгилей кетсек, Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитет президенттин тапшырмасы менен министрлер кабинети жана Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү ортосундагы институционалдык өнүктүрүү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды андан ары тереңдетүү үчүн потенциалды жогорулатуу жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун ишке ашырууну тездетүү максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий