• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.

Өкмөттүн расмий сайтында маалымдалгандай, жыйын видеоконференция форматында өттү.

Отурумда КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттукташты. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров чет өлкөлүк кесиптештеринин жылуу маанайда айтылган куттуктоолоруна жана каалоо-тилектерине ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу, Кыргызстандагы саясий процесстер укуктук талаага келгенин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы Кыргыз Республикасынын Конституциялык ченемдеринин сактоо менен бекитилгенин белгилеп, ошондой эле Кыргыз Республикасы буга чейин кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин, макулдашуулардын так аткарылышын толугу менен сактайт деп кошумчалады.

Садыр Жапаров учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, коронавирус инфекциясын жайылышын алдын алууга болгон күч-аракетин жумшап жатканын билдирди.

Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда КМШ Өкмөтүнүн башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы КМШга мүчө-мамлекеттердин мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн жакшы негиз болот деп ишендирди.

«Биргелешкен максаттуу ишибиз биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн тыгыз байланыштарды жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоо процессине өбөлгө болот деп ишенем», - деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча, радиоактивдүү материалдарды трансчек аралык ташуу жана КМШга мүчө-мамлекеттердин коомдун санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жаатындагы чечимдерге жана бир катар документтерге кол коюлду. Шериктештиктин кезектеги жыйыны 2021-жылдын 28-майында Минск шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий