• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаров коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду

Президент 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамда, коммерциялык эмес уюмдардын салык органына жыл сайын каражаттардын булактарын, алардын кайсыл багыттарга сарпталганы тууралуу, ошондой эле сатып алынган, колдонулган жана ээликтен ажыратылгандыгы жөнүндө жалпыланган маалыматтарды жыл сайын берип туруу милдети каралган.

Бул мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орнотуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий