• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров: Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду

Президент 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. «Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо системасына бир катар сокку урулган.

Мамлекет башчысы Советтер Союзу убагынан бери калыптанып калган эң оор жана ашкерелөөгө кыйын болгон кылмыштарды тергөө укугу прокуратура тергөөчүлөрүнөн алынып салынганын эске салды.

«Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан, 2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Конституциянын бул ченеми, ошондой эле жаӊы кодекстердин жана Прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы жакында бекитилген документтердин ийгиликтүү ченемдеринин бири болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий