• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жапаров: Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, бийликтин бир бөлүгү парламентке берилет

Президент 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, бийликтин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү өлкөнүн парламентине берилет деди.

“Азаттыкка” маек куруп жатып мамлекет башчысы Кыргызстан демократиядан автократияга айланбайт деп билдирди. Ал экономиканы, ички жана тышкы саясатты, андан тышкары, элдин жашоосуна жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын белгиледи.

“Экинчиден, президентке бардык бийлик берилбейт. Ыйгарым укуктардын бир бөлүгү парламентке берилет. Мисалы, министрлер кабинетин парламент түзөт, жана текшерүүчү орган дагы Жогорку Кеңеш болот. Ошол эле учурда соттор дагы Жогорку Кеңеш аркылуу өтөт. 2000-жылдары соттор парламент тарабынан дайындалган, андан кийин мыйзамдагы кагылышуулардын айынан сотторду президент дайындай турган болгон”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий