• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров коомдук жайларда тамеки тартууга жана тамекинин жарнагына тыюу салган мыйзамга кол койду - Сарыбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тамеки чегүүгө каршы күрөшүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

“3 күн мурун президент Садыр Жапаров тамеки чегүүгө каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул жүрөк-кан тамыр оорулары жана рак менен күрөшүүдө чоң жеңиш. Аталган мыйзамда көп иш-чаралар каралган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, парламенттин сайтында Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин жана айланадагы тамеки түтүнүнөн жана аэрозолдун кесепеттеринен коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырганы маалымдалат. Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук тамекиге, кальянга жана аралашмаларга тыюу салуу сунушталган. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальянга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий