• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров: Кыргыз элинин эгемендүүлүк тууралуу кыялдары Талас жергеси жана Манастын ыйык руху менен байланыштуу

Президент 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. «Биздин эгемендүүлүк тууралуу асыл ой-кыялдарыбыздын башаты дагы, аруу тилектерибиздин, мамлекеттүүлүк тууралуу бийик идеалдарыбыздын калыптанышы дагы эзелтеден жер сорусу атыккан дал ушул кереметтүү Талас жергеси жана Манас атанын ыйык руху менен байланыштуу», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» театрлаштырылган маданий иш-чаранын жүрүшүндө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Театрлаштырылган иш-чара улуу улуттук баатыр Манастын күмбөзү орун алган "Манас Ордо" улуттук комплексинде уюштурулду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ыйык Талас жергесинде өтүп жаткан бүгүнкү жолугушуунун терең маанисин баса белгиледи.

«Кайсы бир кылымдарда, замандардын кайсы-бир бүктөмдөрүндө эгемендүүлүгүн жоготуп алган качанкы ата-бабаларыбыз өз алдынча элдүүлүктүн кайра калыбына келер кезеңин самап, өз алдынча түндүк көтөрөр заманды тилеген тура, ошол күндөн тартып Манастын рухуна уйкаштырып ыр арнап сыйынганды, ал эми төбөсү бийик күмбөзүнө таазим этип тайынганды ырым кылып, соңунда ошол ыры ааламда теңдеши жок улуу баянга айланды да, ырымы улуттук улуу салтка айланды!

Ошол себептен тунжурап турган мынабу күмбөз – далай муундун ый-муңун, тилегин уккан ыйык күмбөз! Мынабу күмбөз – бу жарыкчылыкта эл-жер үчүн күйүп-жанып жашап өткөн далай-далай азаматтын тизелей отуруп, алакан жайып, “касиетиңен кагылайын Манас-ата! Арбагың тирүү экени чын болсо кыргыз тукумун эзели кем кыла көрбө! Кагылайын Манас-ата! Эл-журтубуздун башына күнү тууган заманды буюра көр!” – деп жалбарып, мамлекеттүүлүктү миң кайталап суранганына, эгемендүүлүктү какшанып тиленгенине күбө өткөн күмбөз!», - деп айтты Президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, кылымдар бою кайталанып айтыла берип, кудуреттүү күчкө, өзгөчө энергияга ээ болгон ошол тилектер күмбөздүн ар бир кыш-кирпичине, ушул тегерек-теребелдин ар бир ташына сиңип, уюп калган. Демек, Кароол-Чокунун тегереги, Манастын күмбөзү – аруу тилек айтылып, эгемендүүлүк эзелтеден тиленген ыйык, касиеттүү жер!

Президент «Манас» эпосу бир кезде кыргыз эли Евразиянын мейкиндиктеринде көчмөн империяларды түптөгөн тектеш түрк элдери менен мүдөөлөш, рухташ болгонун даңазалаган таберик экенин кошумчалады.

“Манас” эпосу – көчмөн цивилизациянын, байыркы түрк дүйнөсүнүн кара чамгарагын, рухун мурастаган уруулардын, ошол уруулардан куралган элдин Гимни!

Ошол себептен, “Манасты” угуп жатканыңда, бир карасаң байыркы гунндардын кылымдар түпкүрүнөн чыккан дабышы угулат, бир карасаң эзелки көк түрктөрдүн айгайлаган үнү жаңырат, бир карасаң байыркы кыргыздардын: “баарыңардын башыңарды кошуп, бир мамлекетке бириктирем” деген тейдеги көк айрыган урааны угулат!", - деп Президент баса белгиледи.

Ал эпостогу “Кулаалы таптап куш кылдым, Курама таптап журт кылдым!”, – деген саптарын келтирип, бул ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, кийинки муун үчүн да айтылган керээзи дагы экенин айтты.

Садыр Жапаров көсөмдүк менен айтылган мындай насаат кептин үгүтүн улантуу зарылдыгын белгиледи. Себеби тарыхый жагдай ыроологон мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгаруунун кедергиси канчалык оор тиерин жакшы билебиз.

Президент көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун жана анын командасынын 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусун, келечектеги кыргыз улутун түзүүдөгү моделин Манас-атанын кыял-тилегине дал келген, аны уланткан модель катары мисал келтирди.

«Жусуп Абдрахманов жана анын санаалаштары Кара-Кыргыз автоном облусунун курамына Фергана өрөөнүнүн түпкүлүктүү элдери – түрктөрдүн, кыпчактардын, кара-калпактардын, курамалардын кириши үчүн жан үрөп күрөшкөн экен. Аттиң, абдрахмановчулардын бул кыял-тилеги, модели ишке ашкан жок, бирок ал жана анын санаалаштары курама топтоп журт кылуунун жыйырманчы кылымдагы жаңы өрнөгүн көрсөтүүгө умтулган экен! Муну айтып жатканымдын себеби: азыркы муун улуулардын жолоюн улап, регионализм, трайбализм, жаатчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдөн тамыр жайышына жол бербеши керек», - деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, XXI кылым элибиздин алдына жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар, жаңы сыноолорду да тартуулады.

«Кыргызстанды модернизациялоо жана жаңылоо максатын эске алып, биз быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алдык, элдин колдоосу менен президенттик башкаруу формасына кайтып келдик.

Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат.

Биз келечектеги муундардын алдында чоң жоопкерчиликтебиз. Технологиялар жана индустрия жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү менен өлкөнү заманбап өнүгүү, прогресс жолуна чыгаруу боюнча көптөгөн маселелерди чечүү жаатында алдыда оор жана олуттуу иштер турат.

Ошондой эле өлкөнүн көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн сактоого жана чыңдоого, Кыргызстандын бирдиктүү элинин улуттар аралык жана маданияттар аралык ынтымагын сактоого жана өнүктүрүүгө, маданий баалуулуктарын көбөйтүүгө милдеттүүбүз.

Ылайым жергебизде «Манас» урааны жаңырып турсун!

Ылайым кыргызды Манас атанын руху колдосун!», - деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий