• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров: Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайт

Президент 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. "Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайт", - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү улуу тарыхый датаны белгилөө учурунда өткөнгө кылчая көз чаптырганыбызда, оболу: "суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстан эгемендик мезгил ичинде эмнеге жетишти?" деген суроонун өзүнөн өзү берилээри бышык экендигин баса белгиледи.

"Так кесе айтайын, көз карандысыздыгын жарыялагандан тартып Кыргызстан эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу жана субъектиси болуп калды. Ошондон тартып республикабыз өнүгүүнүн демократиялык өрнөгүн, идеалдарын тандап алды.

Албетте, отуз жыл ичинде өнүгүүнүн улуттук табиятка төп келген, оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, биз ар кандай сыноолорго кабылдык. Олку-солку жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди.

Натыйжада, эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөөсү камакта жатканы, бир нече премьер-министрдин коррупцияга байланыштуу айыпталышы - улуттук оор, кайгылуу тажрыйба болду.

Ушундай оор шарттарда Кыргызстан ириде коом ичиндеги терең пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алды! Биз бул мүдөөлөрдөн тайбайбыз", - деди президент.

Жапаров Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келгендигин эске салды.

"Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Баса белгилеп айта кетейин, жаңы Конституция - улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз", - деп баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий