• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров Кыргызстан элин бир бүтүндүккө бириктирген жаңы механизмди курууга аракет кылууда – саясат таануучу

Коом 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Россияда жүрөт. Буга чейин көптөгөн маанилүү жолугушуулар болду, алардын бири Россия Федерациясында жашаган кыргызстандыктар менен өткөрүлдү.

"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров эки өлкөнү тарыхый жана маданий жалпылыктар, ошондой эле илгертен бери келе жаткан достук мамилелер байланыштырып тургандыктан, Россия Федерациясына мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн бирдей кызыкчылыктары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка көптөгөн тармактарга таасир этет.

Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканын, анын жүрүшүндө Россияда эмгектенип жүргөн кыргзстандыктардын маселелери талкууланганын айтты.

undefined

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

Президент айткандай, мамлекеттин негизги милдеттеринин бири алардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу колдоо болушу керек, бул багытта ишти күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

“Россияга болгон бул иш сапар жалпысынан чоң мааниге ээ. Биринчиден мамлекет башчынын өзү үчүн. Өлкө башчынын кыргыз элинин жол башчысынын ролунда түздөн-түз өзүн көрсөтүүсү маанилүү. Экинчиден, маанилүү шериктеши катары Россияга жаңы бийлик өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн эмес, реалдуу ишке даяр экендигин көрсөтүүсү керек. Мекендештер менен жолугушууга келсек, алар өтө маанилүү. Эң башкысы Кыргызстан өзү жергиликтүү калк үчүн эң пайдалуу жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзүүгө даяр экендигин далилдөө. Акыркы жылдары миграциянын өсүшү кичине басаңдады, бирок дагы деле жогору бойдон калууда. Бул көптөн бери жогорку деңгээлде чечилбей келе жаткан социалдык көйгөй", - деди орусиялык саясат таануучу Марк Антонов.

Эксперттин айтымында, элдер туулуп өскөн мекенинде иштеп, өздөрүн жана үй-бүлөсүн камсыз кыла ала тургандай көптөгөн ири тармактарды токтоосуз жандандыруу керек. "Ар кандай себептерден улам Россияга кетүүнү чечкендерди колдоо дагы зарыл. Өз өлкөсүнүн ар бир жараны үйүндө же чет жерде жүргөнүнө карабастан өзүн муктаж сезиши керек. Садыр Жапаров мамилелерди бекемдөө багытында чечкиндүү жана ырааттуу. Ал Кыргыз Республикасынын элин бир бутүндүккө бириктирген жаңы механизмди курууга аракет кылып жатат", - деди Антонов.

Жапаров мекендештер менен жолугушууда ушуга байланыштуу “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган кабыл алынган чаралар тууралуу” жарлыкка биринчилерден болуп кол койгонун билдиргенин белгилей кетүү зарыл.

Нет описания.

Ошондой эле Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашуу 2021-жылдын 1-январында күчүнө киргендигин жана 2022-жылдын январынан тарта Россияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе боло тургандыгын маалымдады.

Аны менен бирге, президент ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө эмгек стажы дагы эске алынарын, Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда документтердин жана сертификаттардын тутуму интеграцияланып жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурду.

"Казакстанда бул багытта “кабарлоо тартиби” деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий