• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров: Кыргызстан Казакстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды

Президент 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. «Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт», — деп айтты Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкуулангандыгын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.

«Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук», — деди Садыр Жапаров. Ал Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгын баса белгиледи.

Президент эки өлкөнүн жана эки элдин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүдө Кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешке, Парламенттер аралык кеңешке жана Өкмөттөр аралык кеңешке, жакынкы келечекке пландалган кезектеги жолугушууларды өткөрүүгө чоң үмүт артылганын кошумчалады.

«Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана көрсөткүчтөрү боюнча Россия менен Кытайдан кийинки, үчүнчү орунда турат. Биз мындан ары дагы зарыл шарттрды түзүп, өз ара сооданы өркүндөтөбүз деп макулдаштык.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элдин ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү, ал эми 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле, эки тарапты тең кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолду.

«Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде боордош Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий