• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Кыргызстан кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр

Президент 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. «Кыргызстан кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасы менен Түркия Републикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгында ЖМКлар үчүн билдирүүсүндө.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти катары Түркия Республикасына алгачкы иш сапары эки өлкөгө тең жемиштүү болгонун баса белгиледи.

«Быйыл Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Ага удаа эле кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине да 30 жыл толот. Түрк мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын, достук мамилелердин жогорку деңгээли 30 жыл бою бекем сакталып келе жатканын баса белгилейм. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууда көрсөтүп келе жаткан баа жеткис колдоосу, материалдык-экономикалык жана моралдык-гуманитардык жардамы үчүн Түркия Республикасына жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки тараптуу мамилелердин абалы менен келечегине байланыштуу темалар талкууланды. Эл аралык күн тартиптеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына оң баасын берди. Атап айтканда, кыргыз-түрк кызматташуусунун көптөгөн багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы тыгыз байланыштын механизмдери иштелип чыкты.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. Кыргызстандын экономикасына түркиялык ири инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Түркия Республикасынын Президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүү, соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Ысык-Көлдө Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Президент кыргызстандык жана түркиялык ишкерлердин катышуусунда кыргыз-түрк ишкерлер форуму да өткөрүлөрүн кошумчалады. Кыргызстандын мамлекеттик органдары Кыргызстанда иштеп жаткан түрк инвесторлорунун укуктарын коргоого чоң маани берет.

Эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык өз ара байланыштар тууралуу айткан Садыр Жапаров бул байланыштарды кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин белгиледи.

Ошондой эле, саламаттык сактоо чөйрөсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын расмий түрдө ачуу маселеси талкууланды.

Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында 10 миңден ашуун кыргызстандык студент Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алганын билдирип, тыгыз кызматташуунун натыйжасында бул сан мындан ары бир кыйла өсөрүнө үмүт артты.

Президент ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда 2022-жылга жылдырылган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

«Кыргызстан бир тууган Түркияда болуп жаткан окуяларга кылдат көңүл коюп, байкап турат. Биз экономикалык тармактагы, эл аралык аренадагы ийгиликтерин жана жетишкендиктерин кубануу менен кабыл алабыз. Түркиянын дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында артып бараткан кадыр-баркын жогору баалайбыз», — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий