• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин үчүнчү тарапсыз чечет

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин үчүнчү тараптын катышуусуз жөнгө салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, чек ара көйгөйү эки мамлекет бир келишимге келгенде чечилет.

“Садыр Жапаров Пекинге болгон иш сапарында Тажикстандын президенти менен Тышкы иштер министрликтерине чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырган. Сүйлөшүүлөр башталып, интенсивдүү жүрүп жатат. Буга чейин бул сүйлөшүүлөр чек арадагы окуялардан улам үзгүлтүккө учурап, бир жумадан бери сүйлөшүүлөр уланууда. Эки президент тең бул маселени үчүнчү тарапсыз эле жөнгө сала алабыз деп макулдашышты”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий