• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: Кыргызстан — Түркия достугу күн санап жаңы баскычка көтөрүлүп баратат

Президент 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Анкара шаарында өткөн Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан — Түркия достугу күн санап жаңы баскычка көтөрүлүп баратканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп, саясий диалогду жана аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүнө белгиледи.

Бул багытта ал кибер кылмыштуулукка, котрабандага, баңги заттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдирди.

Глобалдык жана региондук саясаттагы негизги позициялардын окшоштуктарын баса белгилөө менен Мамлекет башчысы эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында коопсуздук жаатындагы кызматташууну чыңдоо зарылчылыгын ырастады.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий