• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.06.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!

Жайдын биринчи күнүндө биз салттуу түрдө балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилеп келебиз.

Бул күн жаш муунга кам көрүүнүн милдетин чоңдордун эсине салып, эскертип турат. Балдар — биздин байлыгыбыз, ошондуктан биз, чоңдор, ар бир баланын мээримди, боорукердикти сезип чоңоюшу үчүн болгон күч-аракетибизди үрөшүбүз керек.

Жаш муунга ар тараптуу кам көрүү, үй-бүлө институтун чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өркүндөтүү бизден туруктуулукту, акылмандыкты, сезимталдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Биз балдарды коргоо менен гана чектелбестен, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн укуктук, социалдык-экономикалык шарттарды түзүшүбүз керек. Бул мүдөөлөр — мамлекеттик масштабдагы милдеттер, алар ата-энелердин жана жакындарынын гана эмес, бийликтин да аракетин талап кылат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул маанилүү күнү мен балдарды жек көрүүчүлүктүн заарынан жана жамандыктан коргоого үндөп кетер элем. Баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө талыкпай жардам берүү үчүн, эң башкысы, анын коопсуздугу менен ден соолугу жөнүндө кам көрүп, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө шарт түзүү зарыл. Кантсе да, өлкөбүздүн келечеги жаш мекендештерибиздин канчалык деңгээлде корголгону, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган милдеттер канчалык натыйжалуу жүзө ашырылганы менен байланыштуу.

1-июнь — көптөн күткөн жайкы эс алуунун башталышы. Сиздерге көңүлдүү эс алуу, жакшы таасирлерди, жаркын идеялардын ишке ашышын жана тилектериңердин орундалышын каалайм!

Бардык ата-энелерге жана алардын балдарына чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо тилейм»!

Пикир

Оставить комментарий