• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

9-май – Улуу Жеңишти жана жакшылыктын салтанатын майрамдоонун жалпы элдик күнү.

Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет.

Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдиктерин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз.

Биздин жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхынын барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган.

Согуш талааларында биздин 360 миңдей жердешибиз согушкан, алардын 100 миңден ашууну кан майдандан кайтпай калды.

Эрдиги жана баатырдыгы үчүн 150 миңден ашык кыргызстандык ар түрдүү сыйлыктарга ээ болушту. Алардын ичинен 73 жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры наамын алып, 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери болушкан.

Согуш жылдарында башка республикалардан эвакуацияланып келген жүз миңдеген адамдар өлкөбүздөн түнөк таап, камкордукка алынды, алардын көпчүлүгү биздин жерде экинчи Мекенин табышты.

Кыргызстан фронтту ок-дарылар, азык-түлүк жана кийим-кече, ал эми коргоо өнөр жайын стратегиялык чийки заттар менен камсыз кылып турган.

Эмгек фронтунда каармандык менен иштеген элибиз душманды талкалоого жана Жеңишке жетишүүгө баа жеткис салым кошкон.

Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта Жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз.

Согуш ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин дайыма камкордукка алып, көңүл буруу жана алардын эрдигин унутпай сактоо – биздин ыйык милдетибиз.

Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!

Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз.

Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм.

Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак, өнүгүү болсун!».

Пикир

Оставить комментарий