• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Ассалому алейкум, урматтуу мекендештер!

Сиздерди мусулмандардын көптөн күткөн берекелүү Орозо айы менен чын дилимден куттуктайм.

Орозо (Рамазан) — ислам дүйнөсүндөгү ыйык айлардын бири. Бул айда мусулмандардын ыйык китеби — Куран түшүрүлгөн. Орозо айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз болуп саналат. Орозо кармоо мусулмандын ыйманын бекемдеп, аны тартипке жана Алла-Тааланын өкүмдөрүн так аткарууга үйрөтөт.

Орозо — ден соолукту чыңдай турган гана эмес, адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы, сабырдуулуктун мектеби. Себеби бир гана тамак менен суудан эмес, жаман ойлордон, ашыкча сөздөн жана суук көздөн, ушак айтуудан, жалаа жапкандан, жалган сүйлөөдөн да орозо кармоо зарыл.

Орозо айы туугандар жана жакын адамдар менен мамилени бекемдөөнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ыроолойт. Андыктан бул күндөрү муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасоо менен башкалардын ырыскысына себеп болуу абзел. Ошондой эле бул ай ичинде Жаратканга жалынып, аруу ой-максаттар, тилектер жана ибадаттар кабыл боло турган убакыттар катылган.

Орозо айында Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт, береке, кубаныч жана ынтымак тартууласын. Ал эми Ыйык Мекенибизге тынчтыкты, туруктуулукту, токчулукту жана өнүгүүнү алып келсин.

Орозоңуздар кабыл болсун!»

Пикир

Оставить комментарий